ОшМУнун кыркка жакын окутуучусу Наманган институтунда окутуудан өттү 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кыркка жакын окутуучусу Наманган институтунда окутуудан өттү 

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар колледжинин директору Кумарбек Рамашов баштаган 40ка жакын окутуучулар «Innovative Teaching Strategies and Reflective Practice» аталышындагы мастер-класс жана тренингге  катышты. Иш-чара 8-майда Наманган мамлекеттик чет тилдер институтунда өткөн. 

Мында алар билим берүү жана илим тармагындагы жаңы ыкмалар боюнча тажрыйба алмашты. Тренингдин соңунда катышуучулар атайын сертификаттарга ээ болушту.  

Сапардын алкагында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бир катар макулдашууларга жетишти. Атап айтканда, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында семинар-тренингдерди, конок лекцияларды уюштуруу жана ар түрдүү илимий-методикалык иш-чараларды өткөрүү пландалды.

Бул жолугушуу окуу жайлар ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жана билим берүү тармагындагы жаңычыл иш-аракеттерди биргеликте өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

 

Фото галерея