ОшМУ менен Түндүк Америка университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү боюнча меморандумга кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Түндүк Америка университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү боюнча меморандумга кол коюлду

Image

ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору Тимур Исраилов, Метематика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов баштаган делегация 7-9-майда АКШнын Түндүк Америка университетинде өткөн эл аралык конференцияга катышты.

Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жолугуп, тажрыйба алмашып, кызматташтыкты өнүктүрүү багыттарында макулдашууларга жетишти. 

Иш-чаранын алкагында Түндүк Америка университети менен биргеликте 1+1 кош дипломдуу программаны ишке ашыруу максатында жана 2+2 бакалавр кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.  

Анын алкагында эки университеттин ортосунда экономика, менеджмент, компьютердик билим берүү багыттары боюнча кош дипломдуулук программалары ишке ашат.

Иш сапардын алкагында делегация NASA агенттигинде да болушту.  NASA – АКШнын аэрокосмостук изилдөөлөр боюнча мекемеси болуп саналат. Ал космостук миссияларды, илимий изилдөөлөрдү жана технологиялык инновацияларды ишке ашырган дүйнөлүк алдыңкы агенттик.



















 

Фото галерея