
14-июнда Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркында 21 стартап-долбоордун бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштардан түзүлгөн 21 команда катышып, өздөрүнүн IT, билим берүү, айыл чарба жана өндүрүш тармактарындагы бизнес-долбоорлорун адистерге, калыстар тобуна жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташты.
Программага тандалып өткөн катышуучулар бизнес негиздери боюнча акысыз окуу, 200 миң сомго чейин жабдуу же каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле тажрыйбалуу менторлор менен иштешип, идеяларын ишке ашырууда керектүү багыттарды жана колдоону алышат.
Уюштуруучулар жаштардын демилгелүүлүгүн жогору баалап, мындай платформалар алардын ишкердик потенциалын ачууга жана экономикалык өнүгүүгө салым кошууга шарт түзөрүн белгилешти.
Тандоо ОБСЕнин, «ЖИА» бизнес-ассоциациясынын жана Ош облусунун ишкердикти колдоо борборунун демилгеси менен уюштурулду. Жыйынтыгында Бизнес парктын директору Эрлан Камалов өнөктөш уюмдарды биргелешкен программаларды иштеп чыгып, келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.