Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык Сарахси симпозиумунда ректор Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, бул симпозиумдун кыргыз теология илиминин өнүгүшүндөгү маанисин белгиледи.
“Имам Сарахси сыяктуу улуу мурастардын изилдениши — ислам илиминин тарыхый тамырларын терең түшүнүүгө, азыркы коомго руханий жана укуктук баалуулуктарды жеткирүүгө өбөлгө болот. Сарахсинин өмүр жолу бул сабырдын, билимге берилүүнүн жана ишенимдин чыныгы үлгүсү”, — деди Кожобеков.
Борбор азиялык атактуу дин аалымынын толук аты-жөнү Абубакир бин Мухаммед бин Ахмад бин Абисахл ас-Сарахси. Ал болжол менен 1000-жылдары Түркмөнстандын Серахс шаарында туулган. Кийин Бухарада билим алып, белгилүү ислам юристи катары даңк тапкан.
Имам Сарахси ислам укугу, фыкх, теология жана философия тармактарында терең илимий мурастарды калтырган. Анын чыгармалары бүгүнкү күндө да ислам илимдеринде баалуу булак катары колдонулат.