Эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенти Айбийке Амангельдиева (61 кг) биринчи орунду, Сымбат Сайбилла кызы (49 кг) экинчи орунду жеңип алышты.
Бүгүн, 13-октябрда спортчуларды колледждин жамааты чоң салатанат менен тосуп алышты.
“Эл аралык мелдешке жалпысынан сегиз команда катышты. Кыргызстандан барган спортчулар бир алтын, эки күмүш, үч коло медалга ээ болушту. Алардын катарында Айбийке менен Сымбаттын бар экендиги чоң сыймык. Алдыда чоң-чоң ийгиликтер турат деп айта алам”, –деди машыктыруучусу, ОшМУнун окутуучусу Мамарасул кызы Алтынай.
Спорттук иш-чара 10-11-октябрь күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өттү.