Футзал боюнча Кыргызстандын кесипкөй клубдарынын “Суперлига” мелдешинде ОшМУнун командасы турнирдик таблицада 15 упай менен 1-орунда баратат. 12 упай менен 2-орунду “Алай”, 3-орунду “Дордой” командалары ээлеп турат. Турнирдик таблицанын акыркы үчтүгүндө 3 упай менен “Нарын”, “Каракол”, 0 упай менен “Кант” командалары илинген.
Бүгүн, 31-октябрда ОшМУнун футзал командасы окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Жолугушууда команданын жетекчиси Сулайман Сабиров “Суперлига” мелдешинде жана Ош облусунун жана Ош шаарынын футбол ассоциациясынын футзал боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү ХVIII чемпионаты “ОшМУ Кубогундагы” жыйынтыктар боюнча маалымат берди.
ОшМУ футзал командасы “Суперлиганын” мелдештеринде жалпы 5 оюн өткөрүп, баарында жеңишке жетти. “Суперлиганын” 2024-2025-жылдагы сезонунда жалпысынан 11 команда ат салышууда.
Ал эми Ош шаарында өтүп жаткан футзал боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү ХVIII чемпионаттын жогорку лигасында окуу жайдын “ОшМУ” жана “ОшМУ-Адиер” командалары, биринчи лигада “ОшМУ 2” командасы оюн көрсөтүп, ийгилик жаратууда.