VIII Эл аралык орус романстары сынагынын «Орто Азия Романсиадасы» тандоо туру өтөт

Anasayfa Haberler

VIII Эл аралык орус романстары сынагынын «Орто Азия Романсиадасы» тандоо туру өтөт

Image

Урматтуу катышуучулар!
2024-жылдын 9-октябрында Ош мамлекеттик университетинин (Ош ш., Ленин көч., 331) башкы имаратындагы чоң жыйындар залында жаш аткаруучулар арасында «Орто Азия Романсиадасы» аттуу  VIII Эл аралык орус романстары сынагынын тандоо туру өтөт.

Катышуучулар:
Жогорку окуу жайларынын студенттери, музыкалык мектептердин окуучулары жана орус романсына кызыккан 27 жашка чейинки сүйүүчүлөр. Каттоо арыздары 2024-жылдын 7-октябрына чейин төмөнкү электрондук дарек аркылуу кабыл алынат: kirgizia.osh.rcnk@gmail.com  (арыздын шилтемеси).

Техникалык талаптар:
Тандоо туру жандуу музыкалык коштоодо өтөт. Музыкалык коштоочу (концертмейстер) менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар.

Калыстар тобу:
Калыстар тобун «Орто Азия Романсиадасынын» көркөм жетекчиси жана директору И.С. Воронцов жетектейт. Ошондой эле Кыргызстандагы вокал жана орус романстары жаатындагы белгилүү адистер калыстар тобунун мүчөлөрү болушат.

Тандоо туру жыйынтыгы боюнча эң мыкты аткаруучулар тандалып, 2024-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү жаш аткаруучулардын VIII Эл аралык «Орто Азия Романсиадасы» сынагына катышууга чакырылат.

Байланыш үчүн:
Елена Георгиевна Куканбаева, +996 557 001 833

fotoğraf Galerisi