«Жетишкендиктеримдин артында ата-энем турат». ЖРТдан эң жогорку упай алган Гүлпери Жуматаева менен маек

Главная Новости

«Жетишкендиктеримдин артында ата-энем турат». ЖРТдан эң жогорку упай алган Гүлпери Жуматаева менен маек

Image

Ар бир ийгиликтин артында талыкпаган эмгек, туура багыт жана өзүнө болгон ишеним турат. Быйыл ЖРТдан 234 упай топтоп, өлкө боюнча эң жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдүн бири Гүлпери Жуматаева үчүн да бул ийгилик бир күндө жаралган жок.

Ал 7-класстан Ош мамлекеттик университетинин Кара-Суу гимназиясында окуган. Мектепте химия сабагына өзгөчө кызыгып, олимпиадаларга катышып, өзүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылган. Гүлпери «Алтын сертификатка» ээ болуу менен бирге өзүнүн эмгеги, тартиби жана өзүнө болгон ишеними аркылуу көптөгөн окуучуларга үлгү боло алды. Ал ийгилигинин артында ата-энесинин колдоосу, мугалимдеринин ишеними, өзүнүн тынымсыз аракети турганын белгилейт.

Бүгүнкү маегибизде Гүлпери ЖРТга даярдыкты качан баштаганы, окуучулук жылдары, мугалимдеринин колдоосу жана алдыдагы чоң максаттары тууралуу айтып берди.

-  Гүлпери, алгач өзүң тууралуу айтып берсең?

- Мен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылынын кызымын. Быйыл Ош мамлекеттик университетинин Кара-Суу гимназиясын аяктадым. ЖРТдан 234 упай алып, өлкө боюнча эң жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирип, «Алтын сертификаттын» ээси болдум.

Мектепте окуп жүргөн кезимден тартып сабакка жоопкерчиликтүү мамиле кылып, өзгөчө химия сабагына кызыгып келдим. Гимназия тарабынан түзүлгөн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет кылдым. 

-  ОшМУнун Кара-Суу гимназиясына кандайча келип калдың жана бул мектепти тандооңо эмне себеп болду?

- ОшМУнун Кара-Суу гимназиясына 7-класста келип окуп калдым. Гимназия тууралуу ошол учурда жакшы пикирлерди укчумун. Билим берүүнүн сапаты, мугалимдердин деңгээли жана окуучуларга түзүлгөн шарттар мени кызыктырган. Бул жерде окуу менен бирге өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин түшүндүм. Заманбап билим менен улуттук тарбия айкалышкан билим очогунда окуу мен үчүн чоң сыймык болду. 

-Окуучулук жылдарыңда кандай жетишкендиктер болду?

- Гимназияда окуп жүргөн жылдары химия сабагын тереңдетип окудум. Бул предметке кызыгуум улам күчөп, олимпиадаларга катыша баштадым. Химия боюнча республикалык олимпиаданын этабына чейин жеттим. Олимпиадага даярдануу мага бир гана химия боюнча билим берген жок. Эң негизгиси өз алдынча изденүүгө, убакытты туура бөлүштүрүүгө жана кыйынчылыктан коркпой аракет кылууга үйрөттү.

 - Гимназиянын башка мектептерден айырмаланган кандай өзгөчөлүктөрүн байкадың? 

- Менин оюмча, гимназиянын эң чоң артыкчылыктарынын бири – анда эмгектенген мугалимдеринде. Мугалимдердин көбү жаш, ошол эле учурда өз кесибин жакшы билген, изденген адистер. Алар сабакты жөн гана өтүп койбостон окуучуга түшүндүрүп, кызыктырып, өз алдынча иштөөгө багыт беришет. Дагы бир өзгөчөлүгү – тартипке чоң көңүл бурулгандыгы. Окуучулардын ортосундагы мамилеге, бири-бирин сыйлоого көңүл бурулуп турат. 

- Шыктандырып, ЖРТга даярданууда өзгөчө колдоо көрсөткөн мугалимдериң тууралуу айтып берсең?

- Мугалимдеримдин менин ийгилигимдеги орду абдан чоң. ЖРТга даярданууда башка курстарга барбайм деп чечкем. Анткени гимназиядагы мугалимдеримдин өздөрү ЖРТ багытында иштеп, бул тармакты жакшы билишет. Мага өзгөчө ишенип, колдоо көрсөткөн мугалимдерим Садиков Аскар агайым жана Жамил кызы Наргиза эжекем. Алардын мага болгон ишеними, берген кеңештери жана талаптары чоң жардам берди. ЖРТ тууралуу биринчи жолу 7-класста гимназияга келгенде билгем. Бул жерде ЖРТ боюнча ушул мезгилден тартып эле маалымат берип башташат. Ошол убактан тартып бул сынакка акырындык менен даярданып келе баштадым. Албетте, күн сайын атайын ЖРТ үчүн даярданган жокмун, бирок сабактарды жакшы өздөштүрүп, базалык билимимди бекемдеп жүрдүм. Даярдыкты эрте баштаганым үчүн 11-класска келгенде өзүмдү абдан кыйнап, баарын кайрадан башынан үйрөнүүгө туура келген жок. Ошондуктан чоң кыйынчылыктар болгон жок. Кээде окуучу өзү жетишкендигине күмөн санаган учурлар болот. Ошондой учурда мугалимдин «сенин колуңдан келет» деген бир ооз сөзү да чоң күч берет. Мен да ошондой колдоону сезе алдым.

- Өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчүнүн катарына кирип «Алтын сертификат» алууга укук алдың. Алгачкы сезимдериң кандай болду?

-«Алтын сертификат» ээлеринин тизмеси чыкканда өзүмдүн атымды көрүп бир азга ишене албай турдум. Кубаныч менен бирге таң калуу да болду. 234 упай топтогонумду көргөндө абдан сүйүндүм. Албетте, сүйүнүчтөн көз жаш да чыкты. Себеби, бул бир гана менин эмес, ата-энемдин, мугалимдеримдин жана мени колдогон бардык адамдардын эмгегинин жыйынтыгы деп эсептейм.

-«Алтын сертификат» тууралуу жаңылык чыккандан кийин күтүлбөгөн, эсте каларлык кандай окуялар болду?

-Жыйынтык чыккандан кийин биринчи кезекте ата-энемдин жана жакындарымдын кубанычын көрүү мен үчүн өзгөчө сезим болду. Мугалимдерим, классташтарым, досторум куттуктап, жакшы каалоолорун билдиришти. Ал эми мен үчүн эң күтүүсүз жана эсте каларлык белектердин бири билимди колдогон демөөрчүлөр тарабынан берилген автоунаа болду. Ал эми айыл өкмөт тарабынан 50 миң сомдук сертификат берилди. Мындай белектер күтүүсүз болду. Ошол учурда бул ийгилигимди баалап, эмгегимди колдоп жаткан адамдардын бар экенин дагы бир жолу сездим. Унааны ата-энеме тартууладым, менин жетишкендиктеримдин артында эң биринчи ата-энем турат. Алдыда дагы чоң максаттарым, чоң кыялдарым бар. Бул белек мен үчүн жөн гана унаа эмес, мындан да бийик максаттарга умтулууга берген чоң мотивация. Эми алдыда мени жаңы жоопкерчиликтер, жаңы билим жана чоң максаттар күтүп турат.

 -Гулпери кайсы окуу жайга тапшырууну чечтиң жана кандай адистикти тандадың?

-Мен медицина тармагын тандадым. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо иши адистигине тапшырдым. Бул кесип аркылуу адамдарга жардам берип, жоопкерчиликтүү жана маанилүү кесипти аркалагым келет. Мен дал ушундай тармакта өзүмдү көрөм.

- ЖРТда ийгиликке жетиш үчүн эң негизги үч нерсе?

-Мен үч негизги нерсени – дисциплина, өзүңө болгон ишеним жана жакшы мугалимди айтат элем. Дисциплина болбосо канча максат койбойлу, аны ишке ашыруу кыйын. Өзүңө ишенүү да абдан маанилүү. Ал эми туура багыт берген, билимин бөлүшкөн жакшы мугалим окуучунун ийгилигине чоң таасир берет.

  

-ЖРТга даярданууну каалап жаткан окуучуларга кандай кеңеш берет элең?

-Биринчи кезекте, даярдыкты акыркы учурга калтырбагыла. Мен ЖРТ тууралуу 7-класстан билип, ошол убактан баштап акырындык менен даярданып келдим. Эрте башталган даярдык кийин чоң жеңилдик берет. Экинчиден, мугалимге гана ишенип койбостон өз алдынча көбүрөөк иштөө керек. Мугалим багыт берет, түшүндүрөт, бирок жыйынтыкка жеткирген негизги аракет өзүңдөн болушу керек. Үчүнчүдөн, 11-класска чейин жок дегенде бир так илимди тандап, аны тереңдетип окугула деп кеңеш берем. Бул көп окуучу кыйналган «Окуу жана түшүнүү» бөлүмүндө да чоң жардам берет. Анткени так илимдер адамды логикалык ой жүгүртүүгө, маалыматты талдоого жана туура жыйынтык чыгарууга үйрөтөт. Эң негизгиси өзүңөргө ишенгиле. Эгер, максат коюп, тартип менен даярданып, өзүңө ишенсең, сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот.

 

 Маалымат үчүн: ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясы 2018-жылы аймактардагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана кыргыз тилдүү жеке мектептерди өнүктүрүү максатында негизделген. Гимназияда мамлекеттик программадагы сабактар менен катар англис, орус тилдери тереңдетилип окутулуп, IT, Talking Club, улуттук тарбия жана башка багыттар боюнча кошумча сабактар уюштурулат. Окуу жай заманбап билим менен улуттук баалуулуктарды айкалыштырып, окуучулардын илимий, чыгармачылык, спорттук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасайт. Гимназиянын окуучулары жыл сайын райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, ЖРТдан жогорку көрсөткүчтөрдү жаратып келишет. Буга чейин гимназиядагы ЖРТнын эң жогорку көрсөткүчү 212 упай болсо, быйыл анын бүтүрүүчүсү Гүлпери Жуматаева 234 упай топтоп «Алтын сертификат» алган окуучулардын катарына кирди.

 

Маектешкен: Зинагул Нуралиева 

 

Фотогалерея