ОшМУ Бишкекте «аптекалык» наркоманияга каршы долбоорун тааныштырды

Main News

ОшМУ Бишкекте «аптекалык» наркоманияга каршы долбоорун тааныштырды

Image

24-апрелде Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн эл аралык конференцияда ОшМУнун «Дары наркоманиясына каршы аракеттенүү: Кыргызстанда коопсуздук чараларын калыптандыруу» долбоору тааныштырылды.

Конференция кылмыш-процессуалдык саясат маселелерине арналып, ал эми долбоорду Тарых-юридика институтунун профессору Аманай Акматова тааныштырды. Баяндамасында «аптекалык» наркомания деген эмне, анын коомго тийгизген зыяны, кылмыш-процессуалдык тобокелдиктери, алдын алуу жолдору айтылды. Акматова бул көйгөй менен күрөшүү үчүн мыйзамды жакшыртуу, профилактиканы күчөтүү, мамлекеттик органдардын бирге иштешин жакшыртуу керек экенин белгиледи.

Бул долбоор 2024-жылдын сентябрынан 2026-жылдын сентябрына чейин ОшМУнун ички каражатынын эсебинен ишке ашып жатат. Максаты дарыга көз карандылыкка каршы укуктук жана профилактикалык механизмдерди иштеп чыгуу болгон.

Бул конференция ОшМУнун долбоорунун жыйынтыктарын эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө, талкуулоого жана кылмыш-процессуалдык саясатка жаңы чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берди.

Photogallery