Студенттер экономика багыты боюнча билимин сынашты

Главная Новости

Студенттер экономика багыты боюнча билимин сынашты

Image

2-апрелде ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө, ошондой эле институттун 30 жылдыгына арналган эл аралык студенттик олимпиада өттү.

Ага Кыргызстандын түштүк аймагындагы жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан келген студенттер катышып, экономикалык анализ, аудит, бухгалтердик эсеп, эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары (IFRS) жана статистика багыттары боюнча билимдерин сынашты. Тапшырмалар практикалык негизде түзүлүп, кейстерди чечүүгө, аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталды.

Жыйынтыгында ар бир дисциплина боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. “Финансылык эсеп” багыты боюнча ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институту, “Экономикалык анализ” боюнча Фергана мамлекеттик техникалык университети, “Статистика” боюнча К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университет, ал эми “Аудит” дисциплинасы боюнча Б.С. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети биринчи орунду ээледи.

Олимпиаданын бардык катышуучуларына сертификаттар, ал эми жеңүүчүлөргө диплом, баалуу белектер тапшырылды. Иш-чаранын алкагында эл аралык олимпиадаларда ийгилик жаратып келген студенттер да сыйланды. Аларга институттун аброюн жогорулатууга кошкон салымы үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар берилди. Өзгөчө 4-курстун студенти Нурболот Туйгунов “Финансылык эсептин устаты” номинациясына татыды. Ал Москва шаарында өткөн олимпиадада биринчи орунду, ал эми Түркмөнстандагы эл аралык мелдеште экинчи орунду ээлеген.

 

Фотогалерея