5-апрелде Манас шаарында футбол боюнча Жогорку лиганын бешинчи турунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин «ОшМУ» командасы «Бишкек-Сити» клубу менен беттешти.
Оюндун биринчи таймында эки команда тең чабуулга басым жасап, эсеп ачууга аракет кылышты. Бирок коргонуудагы так аракеттер жана дарбазачылардын ишенимдүү оюну эсептин өзгөрүүсүз калышына себеп болду.
Экинчи таймда ОшМУ командасы демилгени толук колго алып, атаандаштын дарбазасына кооптуу чабуулдарды уюштура баштады. Натыйжада 71-мүнөттө Танимово Эзекейл эсепти ачып, командасын алдыга чыгарды. Оюндун соңку мүнөттөрүндө, тактап айтканда 91-мүнөттө Шерзодбек Кодиров айырманы эки топко жеткирип, беттешти жыйынтыктады.
Жыйынтыгында «ОшМУ» командасы «Бишкек-Ситини« 2:0 эсебинде жеңип, турнирдик таблицада жети упай менен бешинчи орунга көтөрүлдү. Оюндун мыкты оюнчусу болуп Танимово Эзекейл табылды.