ОшМУда чоңдорду окутуунун сапатын камсыздоо боюнча швейцариялык тажрыйбага арналган эл аралык вебинар өттү

Main News

ОшМУда чоңдорду окутуунун сапатын камсыздоо боюнча швейцариялык тажрыйбага арналган эл аралык вебинар өттү

Image

23–25-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркында «Cheber: Skills Development in Kyrgyzstan» долбоорунун алкагында «Чоңдорду окутуу тармагында сапатты камсыздоо жана тренерлердин кесиптик өнүгүүсү боюнча швейцариялык ыкмалар: eduQua жана AdA» аталышындагы эл аралык вебинар болуп өттү.

Иш-чара гибриддик форматта уюштурулуп, ага жогорку окуу жайлардын, билим берүү уюмдарынын, чоңдорду окутуу борборлорунун, Ош жана Манас шаарларындагы ишкерлерди колдоо борборлорунун өкүлдөрү, «Youth of Osh» жаштар уюму, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Вебинардын негизги максаты катышуучуларды чоңдорго билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана окутуучуларды даярдоо боюнча Швейцариянын ийгиликтүү тажрыйбалары менен тааныштыруу болду.

Катышуучуларды тартуу, каттоо иштерин жүргүзүү, байланыштарды координациялоо жана вебинар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү Бизнес парк тарабынан камсыздалды.

Вебинарда эл аралык эксперттер Ганс Шустередер, Кристиан Вагнер, Алтынай Молдоева, Элдияр Сыдыков, Гүлжамал Чокморова баяндама жасап, ошондой эле Швейцариянын чоңдорду окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү федерациясынын (SVEB) эксперттери онлайн форматта өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чоңдорду окутуу тармагындагы сапат менеджментинин швейцариялык eduQua жана окутуучуларды даярдоонун AdA системалары тааныштырылды. Эксперттер билим берүү кызматтарынын сапатын баалоонун заманбап механизмдери, билим берүү уюмдарын сертификациялоо, ички сапатты башкаруу жана тренерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштарын беришти.

Мындан сырткары курулуш, HoReCa, агрардык сектор, санариптик технологиялар жана жасалма интеллект багыттары боюнча рамкалык окуу программаларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Катышуучулар швейцариялык тажрыйбаларды Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Вебинар эл аралык эксперттер менен Кыргызстандын билим берүү коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, чоңдорду окутуу системасын өркүндөтүүдө сапатты камсыздоонун жаңы ыкмаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

 

Photogallery