Студенттер  салттуу ислам тууралуу маалымат алышты

Anasayfa Haberler

Студенттер  салттуу ислам тууралуу маалымат алышты

Image

Университеттин теология факультетинин студенттери үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу Илим-изилдөө институтунун директору Самаган Мырзаибраимов конок лекция окуду.

Лекция “Салттуу ислам түшүнүгү жана анын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүгү” темасына арналды. Анда лектор ислам дининин салттуу багыттары тууралуу маалымат берип, өзгөчө Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле алардын тарыхый мааниси, коомдогу орду, бүгүнкү күндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер суроолоруна жооп алышты. Лекция динге байланышкан экстремизмдин алдын алуу, коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоо жана руханий маданиятты өнүктүрүү максатында уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi