Медициналык факультет – заманбап билим берүү технологияларын, күчтүү илимий чөйрөнү жана тажрыйбалуу окутуучуларды бириктирген борбор.
Факультет мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берген материалдык-техникалык базага ээ. Окуу процесси 12 заманбап лекциялык залда жана 184 окуу аудиториясында жүргүзүлөт. Сабактар мультимедиялык проекторлор, интерактивдүү жабдуулар, микроскоптор, микротомдор, центрифугалар, видеокамералар жана башка заманбап окуу каражаттары менен камсыздалган.
Студенттер мультимедиялык китепкананын, электрондук ресурстардын жана университеттин интернет борборунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланышат. Эң акыркы технологиялар менен жабдылган инновациялык-симуляциялык борбор студенттерди практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзөт.
Практикалык сабактар ОшМУнун клиникалык базасында жана шаардын жана облустун алдыңкы дарылоо-профилактикалык мекемелеринде өткөрүлүп, студенттер кесиптик тажрыйбаны окуу учурунда эле өздөштүрүшөт.
Факультетте Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү белгилүү окумуштуулар тарабынан конок лекциялар уюштурулуп, КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы медициналык университеттери менен эл аралык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө.
Биз сунуштаган адистиктер:
• Дарылоо иши – 6 жыл (күндүзгү окуу)
• Педиатрия – 6 жыл (күндүзгү окуу)
• Стоматология – 5 жыл (күндүзгү окуу)
• Фармация – 5 жыл (күндүзгү), 3 жыл (кечки)
• Коомдук саламаттык сактоо – 6 жыл (күндүзгү окуу)
• Жогорку билимдүү мээрбан иши (ВСО) – 3 жыл (кечки окуу)
Бүгүн билим алып, эртең миңдеген адамдардын ден соолугуна кам көргөн кесипкөй дарыгер болуңуз!
Келечекке ишенимдүү кадам – Медициналык факультет менен!
ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:
Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni
Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg
Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85
Сайт: www.oshsu.kg
Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,
Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана