ОшМУнун мектеп-гимназияларынын 7 окуучусу “Алтын тамга” аттестатына ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун мектеп-гимназияларынын 7 окуучусу “Алтын тамга” аттестатына ээ болду

Image

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 29-майда уюштурулган “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча ОшМУнун "Билим" лицейинин 6 окуучусу: Орозбек уулу Шерхан, Сүйүнбаев Байтур, Исмаилов Эмирхан, Муратбек кызы Айгерим, Кумарова Аида, Кукенова Лилиана жана ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын окуучу Беделбек уулу Актан "Алтын тамга-2021" артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Буга чейин «Билим» лицейинин бүтүрүүчүлөрү Мэриниса Жумаева 2019-жылы, Бексултан Бердибеков 2020-жылы  “Алтын тамга” аттестатына ээ болушкан.

ОшМУнун алдында 4 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч билим берүү борбору бар. ОшМУнун мектеп-гимназияларынын тажрыйбалуу мугалимдери мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдерин, гуманитардык, табигый, так илимдерин  тереңдетип окутушат. Жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадаларга окуучуларды мыкты даярдашат. Күндүн биринчи бөлүгүндө базалык билимдер берилсе, күндүн экинчи бөлүгүндө атайын ийримдер иш алып барат.