Университет Структуралар Факультеттер Физика-техника факультети

Физика-техника факультети

Адрес Ленин к., 333, Ош ш., 714000,
Телефон 0(32 22)7-08-10
Факс
Веб-сайт http://ftf.oshsu.kg
E-mail

Физика адистиги боюнча мугалимдерди даярдоо 1939-жылдан тартып  Ош мугалимдер институту ачылгандан бери жүргүзүлүп келе жатат. Физика-математика факультети 1951-жылы түзүлгөн. “Физика” жана “Математика” кафедралары ачылган. 1965-жылы “Физика” кафедрасы “Жалпы физика” жана “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедраларына бөлүнгөн. 1985-жылы физика-математика факультети экиге бөлүнүп, физика факультети түзүлгөн жана 1987-жылы кайрадан бириккен. Физика факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Ш. Исмаилов иштеген.  

2003-жылы Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту инженердик, атайын техникалык дисциплиналар, фундаменталдык жана жалпы илимдер кафедралары менен жаңыдан түзүлгөн. Институттун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Ы.Ташполотов дайындалган.

2006-жылдын 2-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Физика, математика жана информатика факультети, Компьютердик технологиялар факультети жана Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту жоюлуп, 10 адистиктикти тейлөөчү, адистешкен 6 кафедра курамына кирген физика-техника факультети түзүлгөн жана факультеттин деканы болуп ф.-м.и.д., проф. Ы.Ташполотов 2007-жылдын сентябрына чейин иштеген. Ал эми 2007–жылдын сентябрынан 2010-жылдын 15-октябрына чейин физика-техника факультетинин деканы болуп т.и.д., профессор Кенжаев И.Г., 2010-жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 1-октябрына чейин факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов дайындалган, ал эми 2011-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 1-октябрына чейин Физика-техника факультетинин деканы болуп факультеттин профессордук-окутуучулук курамы көпчүлүк добуш менен шайлаган ф.-м.и.к., доцент Өскөнбаев М.Ч. иштеди. 2016-жылдын 11-октябрь күнү факультеттин профессордук-окутуучулук курамы бир добуштан т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шариповичти Физика-техника факультетинин деканы кызматына шайлап алышты жана ал азыркы мезгилде факультетти жетектеп келе жатат.

Факультеттин миссиясы -

 • Компетенттүүлүк мамиле менен физика-техникалык багытта заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;
 • Өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;

Факультеттеги даярдалуучу багыттар жана профилдер

Коду

Багыты, профили

Академиялык даражасы

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

1

550200

Физика-математикалык билим берүү:

Физика профили

Бакалавриат

 

Күндүзгү

4

Дистанттык

5

Магистр

Күндүзгү

2

510400

Физика

Магистр

Күндүзгү

2

2

640200

Электроэнергетика жана электротехника:

Электр менен камсыздоо профили

Бакалавриат

 

Күндүзгү

4

Дистанттык

5

Магистр

Күндүзгү

2

3

610300

Агроинженерия

Бакалавриат

Күндүзгү

4

Дистанттык

5

4

710400

Программалык инженерия:

Роботтук техникалык системалар жана электромобилдик түзүлүштөр үчүн программаларды иштеп чыгуу

Бакалавриат

Күндүзгү

4

 

Кафедралар

Кафедранын аталы

Кафедра башчысы

Байланыш телефону

Электрондук

дареги

Эксперименталдык жана теориялык физика

Осконбаев Маралбек Чотоевич

0772 29 60 54

O_manas@mail.ru

Жалпы физика жана ФОУ

Жуманова Майрамкан Маматовна

0553 93 73 66

mmjumanova@oshsu.kg

Энергетика

Матисаков Түгөлбай Кубатбаевич

0772 67 20 69

tmatisakov@oshsu.kg

 

Факультеттин жетекчилиги

Кызматы

Аты-жөнү

Байланыш телефону

Электрондук

дареги

Декан

Айдарбеков Зарипбек Шарипович

0777 31 36 07

Zaidarbekov@oshsu.kg

Декандын окуу иштери боюнча орун басары

Жумакулов Жоодарбек Акылбекович

0779881041

jodijaj88@gmail.com

Эл аралык байланыштар боюнча орун басары 

Макамбаева Жийдегул Абдимиталовна

0774 59 68 73

jmakambaeva@oshsu.kg

Декандын тарбия иштери  жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары

Жеңишбек уулу Эрлан

0559 11 11 68

Kg_erlan94@mail.ru

Окуу-усулдук кеңештин

төрайымы

 

Садыков Эркинбай

0771 86 56 55

Sadikov.erkinbai@mail.ru

Магистратура боюнча жооптуу

 

Каденова Батма Ажимаматовна

0502 29 10 20

bkadenova@oshsu.kg

Практика жетекчиси

 

Досонов Бекболот Рысалиевич

0777 66 81 77

bdosonov@oshsu.kg

Практика жетекчиси

 

Курбаналиев Максат Борубаевич

0773 14 80 61

mkurbanaliev@oshsu.kg

Кесиптик бирликтин  төрагасы

 

Жороев Атабек Митаевич

0772 44 51 15

ajoroev@oshsu.kg

Декандын илимий иштери жана окумуштуу катчы

Сатибекова Айгул Базаркуловна

0779 76 45 00

asatibekova@oshsu.kg

Фото галерея