Университет Структуралар Факультеттер Кыргыз-Европа факультети

Кыргыз-Европа факультети

Адрес Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Борубай уулу Асылкан көчөсү, 2
Телефон +996 (3222) 2-82-72
Факс
Веб-сайт www.kef.oshsu.kg
E-mail osukef2017@mail.ru

Кыргыз-Европа факультети (КЕФ) 2017-жылдын 21-июнунда ОшМУнун ректору (2019-жылдын сентябрь айынан КР Билим берүү жана илим министри), профессор К.А. Исаковдун №602 буйругунун негизинде ачылган.

Факультеттин миссиясы:

Дүйнөлүк жана региондук эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук берүүгө, эл аралык экономиканын жана саясаттын учурдагы трансформациялоо шарттарында иштөөгө жөндөмдүү, америка-европа таануу, эл аралык жана европалык укук, эл аралык бизнес жана туризм багыттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Кыргыз-Европа факультетинин өзгөчөлүктөрү:

  • Жаңы муундагы факультет
  • Жаңы багытка жана жаңы миссияга ээ болгон факультет
  • Европага “терезе”
  • ОшМУ жана Европа университеттеринин ортосундагы көпүрө
  • Европанын эки тилин (англис, испан/немец/француз) жана заманбап маалымат технологияларын терең үйрөнүүнүн ордосу
  • активдүү академиялык мобилдүүлүктү камсыздоочу факультет.

Факультеттин учурдагы түзүлүү жана калыптануу баскычында турган профессордук-окутуучулук курамы, заманбап усулдук ыкмаларды жана эл аралык стандарттагы технологияларды мыкты колдоно билген, бай тажрыйбага ээ болгон, жогорку квалификациялуу жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистерден түзүлүүдө.

Кыргыз-Европа факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жаңы усулдар жана инновациялык технологияларды колдонуу менен студенттерге билим берүүдө жана алардын профессионалдык даярдыгын арттыруу  үчүн алдыңкы тажрыйбаларды колдоно билген, ийгиликтерге жетишкен жогорку квалификацияга ээ болгон окутуучулардан турат.

Азыркы учурда факультетте: 5 илимдин кандидаты, доценттер (Мараш-Оглы Ш. В, Раджапова Н. А., Тургунбаева Ж. Ж., Татенов М. Б., Сайпидинов И. М.), 6 улук окутуучу жана 6 окутуучулар эмгектенишет.

Факультеттин окутуучулары квалификацияларын жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иш аракеттерди көрүп келишет. Атап айтсак, ОшМУ, факультет, илим жана аспирантура бөлүмү жана сапат департаменти тарабынан уюштурулган, англис тилин үйрөтүү боюнча бир топ атайын уюштурулган семинарларга, ошондой эле окутуучулар өздөрүнүн аракети менен түрдүү билимин жогорулатууга негизделген программаларга, конференцияларга, семинарларга, тренингдерге катышып келишет.

Факультеттин окутуучуларынын көпчүлүгү өз билимин дүйнөдөгү эң алдыңкы ЖОЖдордон өркүндөтүшкөн: факультеттин деканы доцент Мараш-Оглы Ш. В – Англия – 1996-1997, 2004, АКШ – 2008, 2013, Кадис университети, Испания - 2017, Германия, Чехия - 2018; доцент Сайпидинов И. М. - Турция, Азербайджан (Баку) – 2017; доцент Татенов М. Б. – Кадис университети, Испания – 2017; доцент Раджапова Н. А. – Кадис университети, Испания - 2019. Ошондой эле факультеттин доценти Тургунбаева Ж. Ж. испан тили боюнча Испаниянын Кадис университетинде билим алып келген. Ушул эле университетте факультеттин улук окутуучусу Эргешова Н. Т. Erasmus+ программасынын алкагында 6 ай Испанияда билимин  өркүндөтүп келген.

Факультетте илим изилдөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Алардын алкагында илим изилдөө долбоорлору, диссертациялык иштерди даярдоо, илимий эмгектерди басып чыгаруу, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын окуу процессине киргизүү, ар түрдүү илимий иш-чараларда баяндамалар менен чыгуу, студенттик конференцияларды уюштуруу жана студенттерди олимпиадаларга даярдоо жүргүзүлөт.

Адистиктер

Адистиктин аталышы

даражасы

Окуу формасы

 Окуу мөөнөтү

1

Америка-Европа таануу жана лингвистика

бакалавриат

Күндүзгү

4 жыл

2

Эл аралык укук, бизнес жана туризм

бакалавриат

Күндүзгү

4 жыл

Кафедралар

Кафедранын аталы

Кафедра башчысы

Байланыш телефону

 

      Электрондук

            дареги

Америка-Европа таануу жана лингвистика

Ага окутуучу Адапбаев Кундузбек Бердибаевич

0555148810

kadapbaev@oshsu.kg

Эл аралык укук, бизнес жана туризм

Раджапова Назгуль Абибуллаевна

0755012055

nradjapova@oshsu.kg

 


 

 

                                     

 

 

 

  Факультеттин жетекчилиги

Кызматы

Аты-жөнү

Байланыш телефону

 

              Электрондук

                дареги

Декан

Мараш-Оглы Шукри Вазирович

0772611141

0551811141

shmarashogly@oshsu.kg.

Декандын окуу иштери боюнча орун басары

Тургунбаева Жылдыз Жусупжановна

0770323230

jturgunbaeva@oshsu.kg

 

Декандын илимий иштери боюнча орун басары 

Мамытбек уулу Талгар

0555667447

tmamytbeuulu@oshsu.kg

Декандын тарбия иштери  жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары

Карабекова Эльмира Аликуловна

0556152228

karabekova@oshsu.kg

 

Декандын  эл аралык байланыштар боюнча жоопту

Эргешова Нурзада Тагаевна

0557730080

ergeshova@oshsu.kg

Окуу-усулдук кеңештин

төрайымы

 

Парпиева Айсулуу Абдижалаловна

0773913377

aparpieva@oshsu.kg

 

Окумуштуу катчы

 

Жолдубаева Сиренгул Топчубаевна

0777309040

sjoldubaeva@oshsu.kg

Практика жетекчиси

 

Ажибекова Аида Ташмурзаевна

0773503334

@oshsu.kg

Кесиптик бирликтин  төрагасы

 

Ураимов Урустам Нурматович

0778 81-92-71

Uuraimov@oshsu.kg

       

 

Фото галерея