Университет Структуралар Бөлүмдөр Педагогикалык практика бөлүмү

ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмү

Адрес Ош шаары, Ленин көчөсү 331
Телефон 0(772) 19-19-42
Факс 0(3222) 4-73-85
Веб-сайт
E-mail abatyraliev @oshsu.kg

 

  2008-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен “Педагогика, психологиялык илимий- усулдук борбору” ачылган. Анын курамына педагогика жана психология кафедралары кирген. Борборду доцент Б.А.Апышев жетектеген.    Ректордун № 366 02.10.2012-ж. буйругунун негизинде педагогикалык, психологиялык илимий-усулдук борбору “Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борбору” болуп өзгөрүп, анын курамына педагогикалык адистиктердеги практикалар өткөрүлүп берилген. Борборду жетектөө п.и.к., доцент А.Батыралиевге жүктөлгөн.

2020- жылы ректордун 18- сентябрдагы   № 283-ЛС буйругунун негизинде структура   “ Педагогикалык практика бөлүмү” деп аталып, педагогикалык адистиктердеги практикаларды уюштуруу, өткөрүү жана көзөмөлдөө функциялары жүктөлдү. Бөлүмдүн жетекчиси болуп п.и.к., доцент А.Батыралиев дайындалган.

I. Бөлүмдүн милдеттери

1.1 Окуу жайдагы педагогикалык адистиктердеги практикалардын өтүшүнө жалпы жетекчилик кылат жана педагогикалык практика боюнча жобону  жана башка укуктук-ченемдик иш-кагаздарды иштеп чыгат. 

1.2. Бөлүмдүн ишмердүүлүгү боюнча ректораттын алдында, Окумуштуулар жана админстративдик кеңештерде отчетторду берет.

 1.3. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош облустук МБӨИ менен бирдикте мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү иштерин жүргүзөт.

1.4. Ош областынын райондорунун жана Ош шаарынын билим берүүнү башкаруу жетекчилиги, мектептер менен практиканы өткөрүү боюнча келишимдерди түзөт.

1.5. Университеттин методикалык кафедралары менен бирдикте практикалардын жумушчу программаларын, силлабустарын, ОМКларын, компетенцияларын, баалоо каражаттарынын фондун иштеп чыгат.

1.6. Мектептерге педагогикалык практика үчүн акча каражатын төлөп берүүнү ишке  ашырат.

1.7. Он-лайн формасында практиканы өтүүнүн мазмунун өнүктүрүүнүн жолдорун иштеп чыгат.

1.8. Республиканын башка окуу жайларындагы педагогикалык практикалардын өтүшү боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып чыгуу менен алардын алгылыктуу жактарын окуу процессине жайылтат.

 1.9. Дистанттык технологияларды колдонуу менен практиканы өткөрүү боюнча методикалык семинарларды уюштурат.

1.10. Болочок мугалимдерди университетке тартуу боюнча мектептерде кесиптик-багыттык иштерине көмөк көрсөтөт..

1.11. Ректоратка, Окумуштуулар кеңешине педагогикалык практиканы өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет.                                                                        

II. Бөлүмдүн структурасы

2.1.Бөлүмдүн структуралык курамын  бөлүм жетекчиси, инспектору жана педагогикалык практика боюнча факультеттердин жетекчилери  түзөт.

2.2. Борбордун  инспекторуна штаттык кызматтык орун бөлүнөт

III.       III. Аткарылган иштер:

 - Педагогикалык практиканын жобосу (2019-ж.) толуктоолор менен иштелип чыгып, Окумуштуулар кеңешинде бекитилип,  методисттерге  жетекчиликке  берилген жана окуу жайдын сайтына илинген;

 - Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери жана 105 мектеби менен педагогикалык кызматташтык боюнча келишимдер түзүлүп, болочок мугалимдерди даярдоо проблемаларынын үстүнөн  иштер жүргүзүлүүдө; 

Бакалавр окуу формасындагы педагогикалык практикалардын программасы методикалык кафедралар, ОИД, методисттер, мектеп мугалимдери менен бирдикте   иштелип чыкты;

 - Педагогикалык практикалардын ( адаптациялык, базалык, профилдик ) күтүлүүчү натыйжалары иштелип чыгып силлабустарды, жумушчу программаларды түзүүдө факультеттер тарабынан кеңири колдонулууда;

 - Студенттердин практикасын санариптик технологияларды колдонуу аркылуу уюштуруу жана өткөрүү жобосун иштеп чыкты жана ал жобонун негизинде студенттер айыл мектептеринде практикадан өтүшүүдө;

 - Ош шаарынын жана облусунун мектеп мугалимдерине  билим берүүнүн стандарты, компетенциялар жана практиканын азыркы мезгилдеги өзгөчөлүктөрү боюнча методикалык семинарлар өткөрүлдү;

-  Ош шаарынын мугалимдери жана мектеп жетекчилери үчүн “ Август методикалык семинары”   уюштурулду ( 2021 ж.). Семинарга 3000 ден ашуун мугалимдер катышты. Ош МУ нун 57 окутуучусу билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча докладдарды окушту жана мастер- класстарды өтүштү.

  • Студенттер шаардын жана райондордун айыл мектептеринде практиканы ийгиликтүү өтүшүүдө:
  • Студенттердин педагогикалык кесипке болгон кызыгуусун   жана алардын чыгармачылыктарын өнүктүрүү максатында практиканттар арасында “ Мыкты онлайн сабагы” конкурсу уюштурулду.   Конкурска студенттер өтө активдүү катышышты жана жеңүүчүлөрдүн сабактары YouTubeга жүктөлүп элдин сыноосуна коюлду.   Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди
  • Бөлүм КМШнын, чет өлкөлөрдүн, республиканын жогорку окуу жайлары менен педагогикалык кадрларды даярдоо жана практикаларды өркүндөтүү боюнча илимий- практикалык  байланыштарды түздү;

Москвадагы педагогикалык мамлекеттик университетинин ректору, проф. В.И.Лубков менен  кызматашттык боюнча сүйлошүүлөр жүргүзүлдү. ОшМУнун базасында МПМУ менен бирдикте РАОнун академиги В.А.Сластениндин педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференцияны уюштуруу   маселеси чечилди.

МПМУнун белгилүү окумуштуулары, акдемик В.А.Сластениндин шакирттери менен кызматташтык маселелерин талкуулоо. Оң  тарапта п.и.д. проф., РФнын өкүмөтүнүн мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, билим берүүнүн психологиясы кафедрасынын башчысы Л.С.Подымова, сол тарапта п.и.д., проф., кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын башчысы Т.И.Березина, педагогика жана психология факультетинин деканы, проф.Т.Н.Сахарова.

Бөлүм факультеттер менен бирдикте пандемия  мезгилинде практикаларды аралыктан дистанттык технологияларды колдонуу менен өткөрүүнү ийгиликтүү ишке ашыра алды.  

Ош МУнун педагогикалык практика бөлүмү бардык окуу жайлары жана кызыккан тараптар менен кызматташууга даяр.

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,Ленин к.331. Батыралиев Адылбек,0772191942 ,kafedra15 @ mail.ru

 

Бюллетен 35

Фото галерея