“Кара – Кулжа” гимназиясы

                                                                                                                                   

 ОшМУнун “Кара – Кулжа” гимназиясы Ош мамлекеттик университетинин ошол убактагы ректору Каныбек Исаковдун  демилгеси менен 2018 – жылдын 26 – майындагы №438 – буйругунун негизинде ачылган.  2018 – 2019 – жылдары мектепте 8-11- класстар гана билим алышкан. Ал эми 2020 – 2021 – окуу жылынан баштап  1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11 – класстарына кабыл алууну баштады.

“Кара – Кулжа”  гимназиясынын миссиясы:

      Улуттук салтты эл аралык тажрыйба менен практиканы айкалыштырган мектепте тилдер жана табигый, математика багытындагы предметтер боюнча билим берүүнүн иновациялык моделин ишке ашыруу

Гимназия төмөнкү багыттар боюнча окутат:

  • гуманитардык илимдер: орус, англис, немец, кытай, түрк тилдери
  • Табигый, так илимдер: биология, химия, математика, информатика сабактары.

     Базистик окуу пландан сырткары ийрим сабактарында кыргыз, орус, англис, биология, химия, математика предметтери тереңдетилип окутулат жана ЖРТга даярдоо жүргүзүлөт. Окутуу кыргыз жана орус тилинде. Гимназиянын окуу кааналары заманбап техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар жана акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен жабдылган. Райондун алыскы айылдарынан келип окуган окуучулар үчүн жатакана берилет жана алар тарбиячылардын көзөмөлүндө болушат.

      ОшМУнун мектептеринде тарбия улуттук мүнөзгө ээ болот. Окуучулар ата – бабалардын каада – салтын, үрп адатын, бай тарыхын, маданиятын, баалуулуктарын үйрөнүшүп, заманбап жүрүм – турум этикетин өздөштүрүшөт. Кыргыздын Мырза жигитине жана Кыз айымына мүнөздүү сапаттарга тарбияланышат. Ал төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:

  1. Үй – бүлө жана ага байланышкан салттар;
  2. Улуу кичүү тарбиясы;
  3. Кыргыз мадаиятынын үлгүлөрү;
  4. Адеп, ыйман;                           
  5. 5. Эл таануу

         Ар бир класста окуучунун саны 20 дан ашпайт. Окуучулар атайын сынактын негизинде иргелип алынат. Сынактар кыргыз тили, чет тили, математика жана логикалык суроолордун негизинде тест түрүндө өткөрүлөт, аңгемелешүү жүргүзүлөт. Мектепке катталуу үчүн окуучу өзү келүүсү шарт.

 Гимназиянын жетекчилиги

Кызматы

Аты-жөнү

Байланыш телефону

Электрондук

дареги

Директор

Калдыбаева Чынарбу Маметевна

+996772198467

chynarbu@list.ru

Усулдук бирикменин жетекчилери

Тил чеберчиилик

Нурдинова Калыя

+996707787012

 

Так – табигый илимдер

Тутуева Сайраш

+996777560731

 

Башталгыч класс

Карыбекова Нуржамал

+996779165195

 

 

 

Фото галерея