Илим Аспирантура бөлүмү

Аспирантура бөлүмү

Ош мамлекеттик университети  билим берүү менен биргеликте илимдин жана маданияттын да борбору катарында  жооптуу жана сыймыктуу милдетти аркалап келет. 80 жылдан ашуун тарыхында окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүндө илимдин түрдүү багыттары боюнча маанилүү жыйынтыктар алынып, сандык жана сапаттык жогорулоо болгондугун белгилөөгө болот.  Жыл сайын  «Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги (НААР)» тарабынан чыгарылган,  Кыргызстандын окуу жайларынын арасында илимий ишмердүүлүктү баалоо боюнча ж.б.  рейтингдерде окуу жайдын 1-орунду ээлегени анын илимий ишмердүүлүгүндөгү  маанилүү жыйынтык экендиги талашсыз.

ОшМУнун Аспирантура бөлүмү 1991-жылы 22-августта Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин №399/1 буйругу менен ачылган.
Аспирантура бөлүмүнүн алгачкы башчысы физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.О. Осмоналиев болгон. Бөлүмдү 1993-1995-жылдары филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Мамытов, 1995-2000-жылдары философия илимдеринин кандидаты Ж.М. Сулайманов жетектеген. Ал эми 2000-2004-жылдары филология илимдеринин кандидаты, доцент В.К. Сабирова, 2004-2006-жылдары физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч. Өскөнбаев, 2006-2008-жылдары ага окутуучуМ.М. Садырова, 2008-жылдан 2011-жылга чейин психология илимдеринин кандидаты, доцент А.З. Закировдор бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенишкен. 2011-жылдан бери бөлүмдү физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент  Г.М. Анарбаева ийгиликтүү жетектеп келет.

Учурда ОшМУда илимдин 15 тармагындагы 102 адистик боюнча аспирантурага кабыл алуу жүргүзүлөт.

2021-жылы Ош мамлекеттик университетинде аспирантурада 224 аспирант (168 аспирант  – бюджеттик негизде, 56 аспирант – келишимдик негизде) окуп жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Аспирантурага өткөндөрдүн курамын ОшМУнун кафедраларынын, Окумуштуулар кеңештеринин жана илимий мекемелердин, ишканалардын сунуштары менен келгендер жана практикалык жумуштан тажрыйбасы барлар түзөт. Университетте аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 117 окумуштууну түзөт, анын ичинен 110 окумуштуу – илимдин доктору, 7 окумуштуу – илимдин кандидаты. ОшМУдагы 44 илимдин доктору, 5 илимдин кандидаты аспиранттарга илимий жетекчилик кылат.
Аспирантура бөлүмү тарабынан университеттин илимий ишмердүүлүгүн өнүктүрүү тармагында максатка багытталган ырааттуу иш-аракеттердин комплекси системалуу  жүргүзүлүүдө.

Аспирантуранын жана докторантуранын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдик документтер иштелип чыгып,сапатты жогорулатуу иштери ырааттуу аткарылып келет.Аспиранттардын кирүү сынактарын, иш-милдеттерин,  окуу процессин,  кандидаттык сынактарды тапшыруусун, аттестациядан өтүүсүн, илимий изилдөө жумуштарын ж.б. иш-аракеттерди уюштуруу жогорку деңгээлде натыйжалуу  уюштурулуп, өткөрүлүүп келет. Иш-чаралардын бир багыты катарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан эл аралык, республикалык, аймактык  конференциялардын, семинарлардын циклин белгилөөгө болот.Ошону менен бирге аспиранттар, изденүүчүлөр жана илимдин жаш талапкерлери үчүн “Илимий изилдөөлөрдүн негиздери”, “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы”, “Илимий иш-аракеттерди баалоонун жаңы критерийлери”, “Web of sсience, Scopus системаларына илимий  эмгектерди жарыкка чыгаруу”ж.б. темалардагы жана Жаш окумуштуулар мектебинин жайкы 3 күндүк тренинг-семинарларынын цикли ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу борборунда жыл сайын өткөрүлөт.

Бөлүм тарабынан студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, өткөрүү, көзөмөлдөө жана координациялоо иш-аракеттери да аткарылып келет. Университетте 2014-жылдан бери Аспирантура бөлүмү тарабынан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция үзгүлтүксүзийгиликтүү өткөрүлүп келет жана алардын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын атайын сандарында  жарык көрөт.Түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын  арасында 2008-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан аймактык олимпиадада ОшМУнун студенттери үзгүлтүксүз  1-орунду алып келүүдө.

ОшМУда көп мезгилден бери салттуу иш-чара катарында үзгүлтүксүз  өткөрүлүп келе жаткан илим жумалыктарын белгилөөгө болот. Жыл сайын март-май айларындажумалыктардын алкагында факультеттерде,  коллеждерде аймактык, эл аралык илимий   конференциялар, семинарлар,  студенттик илимий конференциялар, студенттик олимпиадалар,түрдүү илимий конкурстар, акыл-таймаш оюндары, көргөзмөлөр  ж.б. иш-чаралардын цикли  өткөрүлөт.

Аспирантура бөлүмү тарабынан ОшМУну 2019-2024-жылдары өнүктүрүү Концепциясындагы” илимий  ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын ишке ашыруу, эл аралык  илим мейкиндигине интеграциялануу иш-аракеттеринин үстүндө максатка багытталган, комплекстүү иш-аракеттердин  системасы аткарылууда.

Фото галерея