Студенттерге Студенттик акыйкатчы

Студенттик акыйкатчы аппараты

ОшМУнун студенттик акыйкатчысы (омбудсмен) жөнүндөгү жобосу
(жобо 2008-жылдын 27-августунда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №1 жыйынында бекитилген)
Жалпы бөлүк
Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн.
ОшМУнун акыйкатчы аппараты университеттин Тарбия департаментине жана Кесиптик бирлик комитетинин структуралык бөлүмү болуп эсептелинет.
Акыйкатчы аппаратынын толук аты:
 

• Кыргыз тилинде: Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчы аппараты
• Орус тилинде: Аппарат студенческого Омбудсмена Ошского государственного университета
• Жайгашкан жери - ОшМУнун башкы имараты, Ленин көчөсү - 331

1-берене. Максаты

- ОшМУнун студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу;
- Студенттерди укуктук жактан агартуу;
- Мыйзамды так сактоого жана аткарууга тарбиялоо;
- Университетте укуктук мониторинг жүргүзүү;
- ОшМУда билим берүү процессинин өнүгүүсүнө жардам берүү;
- Сессия мезгилинде паракорлукка каршы күрөшүү, бөгөт коюу ж.б.
ОшМУнун акыйкатчысы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КР Акыйкатчы жөнүндөгү жобосуна, Эл аралык «Адам укугун жана эркиндиктерин коргоо» декларациясына, КР жаштар саясатынын концепциясынын негиздерине, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, ОшМУнун Уставына жана ушул жобого ылайык жүргүзөт.

2-берене. Акыйкатчы кызматына шайлоо
Акыйкатчы кызматынын талапкерлерине коюлуучу талаптар жана аны шайлоо:
1. Акыйкатчы кызматына ОшМУнун 14 жаштан 35 жашка чейинки студенттери, окутуучулары жана аспиранттары шайлана алат.
2. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери, окутуучулары, аспиранттары тарабынан 2 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат.
3. Талапкерлерди каттоо, шайлоо жана үгүт иштери белгиленген мыйзам тартиби боюнча жүргүзүлөт.
4. Шайлоого шайлоочулар студенттик билет же зачеттук китепчени көрсөтүү аркылуу катыша алышат. Шайлоо бюллетень берүү жолу менен өтөт.

3-берене. Акыйкатчы кеңеши

1. ОшМУнун алдыңкы студенттери, университеттин, факультеттин студенттик өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери (жаштар комиттери) ошондой эле кызыккан окутуучулар менен туруктуу мамиледе болуу үчүн ОшМУнун акыйкатчысы зарыл учурларда акыйкатчы кеңешинин алдында жыйын өткөрөт.
2. Кеңешке акыйкатчы, анын орун басары жана аппарат мүчөлөрү, факультеттин студенттик өзүн өзү башкаруу (жаштар комитеттери) органдарынын жетекчилери кирет.
3. Кеңештин иши консультативдик мүнөздө болот.

4-берене. Акыйкатчы аппараты

1. Акыйкатчы ОшМУнун ар бир факультетинде студенттердин арасынан бирден студентти өкүл кылып дайындайт жана өзүнө орун басар белгилейт.
2. Акыйкатчы өкүлдөрүнүн милдеттери:
- Акыйкатчы менен студеттердин мамилесин тартипке салуу жана студенттердин эркиндигинин жана укуктарынын сакталышы жөнүндө акыйкатчыга жана анын орун басарына маалымат берүүгө;
- Студенттердин арыз даттанууларын мыйзам деңгээлинде коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
- Акыйкатчынын жана анын аппаратынын иш-аракеттери жөнүндө факультеттин студенттерине маалымат таратууга;

5-берене. Акыйкатчынын укуктук статусу

1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн КРдин Акыйкатчысы, шаардык жана областтык укук коргоо органдары, ОшМУнун ректору, кызмат адамдары, эл аралык мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бир багытта иш алып бара алат.
2. Өз ара аракеттешүү жыйынтыктуу болушу үчүн акыйкатчы жогорудагы эсептелген субьектер менен, биринчи кезекте университеттин ректору менен кызматташтык жөнүндөгү меморандум түзөт.
3. Акыйкатчы өзүнүн келишиминдеги шарттарды аткарбагандыгы далилденгенде ректордун чечими менен иштен бошотулат.

6-берене. Акыйкатчынын ыйгарым укуктары

Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин жыйындарына катышууга;
2. ОшМУнун жаштар комитеттеринин, факультеттеринин чогулуш жыйындарында болууга;
3. ОшМУнун студенттик фонддорун кайда сарпталгандыгын билүүгө жана отчетун алууга;
4. ОшМУнун студенттери, ЖОЖдун иши жөнүндө зарыл маалыматтарды жазуу түрүндө алууга;
5. Эгер студент академиялык жетишпегендиктен окуудан четтетилип жатса, акыйкатчы студенттин билимин кайра текшерүү үчүн ректораттын макулдугу менен альтернативдик комиссия түзүүгө;
6. ОшМУнун студенттерине жатаканадагы орундардын бөлүштүрүүгө катышууга;
7. Факультет, колледждерде куратордук сааттардын өтүлүүсүн жана студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө;
8. Өзүнүн материалдарын, адам укуктарынын жана эркиндигинин идеяларын, өздөрүнүн милдеттеринин ОшМУнун газеталарында пропагандалоого, укуктук бюллетендерди даярдап чыгарууга, ушул эле максат менен радио түйүндөрдү жана телевидениени колдонууга;
9. ОшМУнун китепканаларын жана ашканаларын текшерип жетексиликке билдирүүгө;
10. Контракт төлөп окуган, жардамга муктаж студенттерге жеңилдик бөлүштүрүү боюнча комиссия ишине катышууга;
11. Акыйкатчы өзүнүн орун басарын, факульттердеги өкүлдөрүн жана башка аппараттын кызматчыларын иштен бошотуу жана дайындоо укугуна ээ.
12. Акыйкатчы өзүнүн мөөнөтүндө өзүнүн укуктарын жана милдеттерин аткара турган орун басарды белгилейт.

7-берене. Акыйкатчынын укуктарынын кыскарышы

1. ОшМУнун акыйкатчысынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда кыскарат:
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- өз каалоосу менен акыйкатчы милдетинен баш тартканда;
- өзүнүн милдетин аткарбаган учурда;
- акыйкатчы аппаратынын кеңешинин 3:2 бөлүгү ишеним көрсөтпөгөндө;
- Соттун чечими менен;

8–берене. Акыйкатчы милдеттүү

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Эл аралык мыйзам актыларына, учурдагы жобого көз салууга;
2. Акыйкатчы иликтөөнүн, текшерүүнүн жыйынтыгын арыз ээсине билдирүүгө;
3. Студенттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам деңгээлинде коргоого, аларга жардам берүү үчүн ректоратка жана жогорку инстанцияларга кайрылууга, жардам берүүгө;
4. Студенттердин укуктарынын бузулушун алдын-алууга аракет жасоого;
5. Студент жаштар арасында укуктук тарбия үчүн дебат, дискуссияларды квартал сайын уюштурууга;
6. «Нур» студенттик гезитинин «Акыйкатчы бурчу» рубрикасына укуктук материалдарды, студенттерди укуктук жактан агартуу боюнча кеп-кеңештерди даярдоого;
7. ОшМУнун кызмат адамдары менен тыгыз байланышта иштөөгө;
8. Студенттерди укуктук маалыматтар менен камсыздоого;
9. Студенттерге керектүү болгон маалыматтарды (информациялык, статистикалык ж.б.) тиешелүү органдардан алып берүүгө;
10. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарды студенттерге жеткирүүгө;
11. Жатаканаларга, ашканаларга жана китепканаларга рейддерди жүргүзүүгө;
12. Кылмыштуулукка, СПИД, наркомания сыяктуу жат көрүнүштөргө каршы реалдуу кадамдарды жасоого;
13. Студенттерге тиешелүү болгон көйгөйлөрдү университеттик деңгээлге чейин көтөрүүгө жана анын чечилишине жардам берүүгө милдеттүү.

9-берене. Арыздарды жана нааразычылыктарды кароонун тартиби

1. Укугу чектелген студент акыйкатчыга жардам берүү суранычы менен арыз жаза алат;
2. Студенттердин эркиндиги жана укугун коргоо максатында териштирүүнүн  жыйынтыктарын ректорго жана башка университеттин кызмат адамдарына, студенттерине 25 күндүк мөөнөттүн ичинде билдирет;
3. Акыйкатчы анонимдүү нааразычылыктарды жана ооз эки арыздарды кабыл албайт;
4. Арызды өз укугу бузулган студент же анын тарабындагылар арыз берүүчүнүн макулдугу менен берсе болот. Нааразычылык тарап укугу бузулгандан, адамдык аброю тепселенген учурдан баштап 6 ай ичинде акыйкатчыга кайрыла алат.

10-берене. Акыйкатчынын отчету

1. Жыл сайын акыйкатчы өзүнүн иши жөнүндө ОшМУнун студенттеринин жыйынында отчет берет.
2. Отчетто акыйкатчы студенттердин эркиндиги жана укугу бузулган фактыларды эсептеп, аларга кандай чара көрүлгөндүгү жана жардам берилгендиги тууралуу маалымат берет.
3. Зарылчылыкка байланыштуу акыйкатчы өзүнүн атайын отчету менен студенттердин жыйынында, Окумуштуулар Кеңешинде чыга алат.

11-берене. Акыйкатчынын ОшМУнун кызмат адамдары менен кызматташышы

1. Акыйкатчы жана анын орун басары өзүнүн иликтөөлөрү, текшерүүлөрү боюнча ОшМУнун кызмат адамдары менен тезинен байланыша алат;
2. Акыйкатчы, анын орун басары факультеттерге, жатаканаларга, китепканага, ашканага, компьютердик класстарга кирип, зарыл болгон маалыматтар менен тааныша алат;
3. Керектүү кызматкерлер менен маектешет жана зарыл документтерди изилдей алат;
4. Студенттердин укугун бузган, тепселеген кызмат адамдарын акыйкатчы ректорго, Окумуштуулар Кеңешине жана тиешелүү органдарга билдире алат.

Студенттик акыйкатчы аппартынын курамы:

       Фамилиясы, аты

          кызматы

туулган жылы

         факультети

Телефон номери

Жумабаев Бекжан Дооронович

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси

03.10.1999

Тарых жана социалдык иштер

0777 727 403

Калыбаев Бексултан  Дурсунбаевич

С.А.Анын жетекчисинин орун басары

20.04.2002

Математика жана информационалдык технологиялар 

0701582121

 

0880114648

Адил уулу Элдияр

С.А.Анын жетекчисинин факультеттер боюнча орун басары

03.04.2003

Математика жана информациялык технологиялар

0220 957 947

Шарип к Майрам

С.А.Анын жетекчисинин колледждер боюнча орун басары

23.02.2003

Индустриалдык-педагогикалык колледжи

0707 199 800

Усманова Диана

С.А.Анын жетексисинин катчысы

01.02.2004

Математика жана информациялык технологиялар 

0704 039 249

Мирбек к Гүлмайрам

СААнын төрайымы

03.05.2004

Тарых жана социалдык иштер

0777 029 120

Айталиев Барсбек

СААнын төрагасы

14.11.2003

Юридика

0555 082 226

Доорова Адина

СААнын төрайымы

09.07.2004

Орус филологиясы 

0509 992 039

Калбекова Таңшоола

СААнын төрайымы

09.07.2005

Дүйнөлүк тилдер жана маданият

0500 005 305

Матмусаева Хадича

СААнын төрайымы

09.01.2003

Теология 

0704 962 309

Адил кызы Жасмина

СААнын төрайымы

01.05.2004

Теология колледжди

0706  795 807

Төлөгөнова Аяна

СААнын төрайымы

16.09.2004

Искусство факультети

0223 141 442

Тынчтык к Мырзагүл

СААнын төрайымы

24.11.2004

Педагогика жана  психология

0709 447 112

Барчынбек уулу Алтынбек

СААнын төрагасы

31.10.2003

Медицина факультети

0224 274 027

Үрүлбаева Сүйүнура

СААнын төрайымы

01.01.2004

Бизнес жана менеджмент

0700 387 250

Абдираимов Кадырбек

СААнын төрагасы

 

Өзгөн  эл аралык медициналык колледжи

0709 386 020

Мухамидинова Гүлнур

СААнын төрайымы

24.11.2004

Табият таануу, туризм жана агротехнологиялар

0773 413 333

Дуйшеева Урматай

СААнын төрайымы

27.04.2005

ВШМОП

0508 843 935

Аскербек уулу Мамытбек

СААнын төрагасы

19.12.2003

Физика-техника 

0770 325 264

Ысакали уулу Ибрагим

СААнын төрагасы

29.09.2002

Кыргыз филологиясы жана журналистика

+7 909 348 23 94

Пайизмаматова Танзада

СААнын төрайымы

15.07.2004

Математика жана информациялык технологиялар  факультети 

0708 608 598

Алмамат кызы Жумагүл

СААнын төрайымы

11.12.2004

Кыргыз-кытай факультети

0558 170 062

Райымжанова Гулсара

СААнын төрайымы

20.06.2003

Дене тарбия факультети

0502 388 734

Акматбекова Элнуру

СААнын төрайымы

24.11.2003

Эл аралык билим берүү

(КМОП)

0779 280 455

Мелисбек кызы Нурпери

СААнын төрайымы

18.05.2002

Медициналык колледжи

0990 100 469

Ганыев Замирбек

СААнын төрагасы

19.11.2004

Финансы-юридикалык колледжи (ФЮК)

0557 292 902

Айылчиев Талгат

СААнын төрагасы

20.01.2004

STEM- колледжи

0508 980 202

Улугбек к Толгонай

СААнын төрайымы

17.01.2004

Индустриалдык- педагогикалык  колледжи

0709 349 417

 

.

 

 

 

Фото галерея