Университет Структуралар Департаменттер Коомчулук менен байланыш департаменти

Коомчулук менен байланыш департаменти

Адрес Ош шаары, Ленин көчөсү 331
Телефон 0996770001898
Факс 0322270915
Веб-сайт
E-mail maalymatoshsu@gmail.com

 

 

 

 

 

 

ОшМУнун  коомчулук  менен  байланышуу департаментинин алдындагы “Маркетинг,  коммуникация жана  коомчулук  менен байланыш борбору” окуу лабораториясына  “Үмүт” телестудиясы,  “Нур” ,“ Дидактика” гезиттери , басма сөз кызматы жана  ОшМУнун официалдуу сайты кирет.

Коомчулук менен байланышуу  департаменти ОшМУнун маалымат саясатын жүргүзөт.  Түрдүү долбоорлордун үстүндө иштейт. Университеттеги  журналистикага багытына кызыккан студенттер менен иш алып барат. ОшМУнун видео, фото архивин көзөмөлдөйт. Университеттин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын (         ) жүргүзөт.

ОшМУнун  коомчулук  менен  байланышуу  департаментинин кызматкерлеринин түзүмү:

Аты жөнү

Кызматы

Байланыш номери

E-mail

Омокеев Улукбек

Директор

 0778645050

omokeev.oshsu@gmail.com

Ниязалиев Медербек

МКжКмББ окуу лабораториясынын жетекчиси

 0770001898

0550512555

medertv@gmail.com

Керезбек к Айпери

“Үмүт” телестудиясынын башчысы

 0551102392

kerezberkyzy@gmail.com

Осмонали к Мээрим

“Үмүт” телестудиясынын редактору

 0556555147

osmonalikyzymeerim@gmail.com

Максутов Рашит

сүрөтчү

0776707675

 

Шермаматов Жолдошбек

оператор – монтажер

 0772474441

Joke.9595kg@gmail.com

Бектемир уулу Дүйшөнбек

“Нур” гезитинин редактору

 0703415379

oshmu.nur@mail.ru

Жороева Каныкей

“Дидактика” гезитинин редактору

 0704835588

 

Нуралиева Зинагул

басма сөз катчысы

 0770379498

Zinur11@mail.ru

Мырзабекова Самара

сайттын англис тили боюнча редактору

 0990969591

0771440141

samara.zhanybekovna@gmail.com

Оморкулов Бакыт

 

сайттын  орус  тили боюнча редактору

0772225176

bakytnew@rambier.ru

Абдимиталип уулу Нурсултан

МКжКмББ окуу лабораториясынын маркетологу

0772195822

nursultan.abdimitalipuulu@mail.ru

“Үмүт” телестудиясы

«Үмүт» телестудиясынын тарыхы 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин ошол кездеги ректору Бектемир Мурзубраимов жана тарбия иштери боюнча проректору Каныбек Исаков тарабынан 12-октябрда ачылган. 1998- жылдын 16-ноябрында N97 буйругу менен "Yмүт" деген ат коюлган.

Университеттин базасында студенттик телестудияны ачуунун негизги максаты - таланттуу жаштарды колдоо, маданият, искусство, илим-билим жаатындагы маалыматтар менен теле керүүчүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле жаштар учун пайдалуу кенештерге бай, тарбиялык маанидеги жана оюн-зооктук программаларды даярдоо, видео архивдик материалдарды сактоо болуп саналат.

Учурда телестудия тарабынан университеттин жаңылыктары, маалыматтары чагылдырылып, таанып-билүүчүлүк программалар, автордук көрсөтүүлөр даярдалып келет. Ошондой эле журналистика тармагына кызыккан жаштарга практикалык жактан ар тараптуу өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

“Нур”  гезити

Студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделип, 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн “Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити болуп саналып, бүгүнкү күндө 8 бет, 3500 тиражда түстүү чыгат жана студенттерге акысыз таратылат. Гезиттин электрондук версиясы окуу жайдын расмий сайтына жарыяланат.

Университеттеги жаңылыктар, маданий иш–чаралар, студенттерге керектүү маалыматтар, калемгер студенттердин чыгармалары, окутуучулардын юбилейлери тынымсыз чыгарылып келет. Окуу жайдын жарыя-кулактандыруулары, сынактардын жоболору гезитке жарыяланат. Поэзия, прозага кызыккан жаштарды тарбиялайт.

“Дидактика”  гезити

“Дидактика” гезити ОшМУнун  мугалимдеринин  илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, билим берүүдөгү жаңылыктарды, ачылыштарды, окумуштуулардын пикирлерин  коомчулукка  чагылдыруу максатында 2018-жылы негизделген.

Бүгүнкү күндө “Дидактика” профессордук-окутуучулук курамдын илимий-педагогикалык   гезити 8 бет, 3500 тиражда түстүү чыгат жана акысыз таратылат.

Басма сөз кызматы жана 

ОшМУнун басма сөз кызматы 2002-жылы түзүлгөн. Басма сөз кызматы массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышты камсыздап, университет жөнүндө маалыматтарды  таратат.  Учурда ОшМУнун басма сөз кызматы Республикалык жана аймактык бардык массалык маалымат каражаттарынын түрлөрү менен кызматташ иш алып барат. Ошондой эле университеттин официалдуу сайтын иштетүүдө негизги кызматты аткарат.

ОшМУнун официалдуу сайты

ОшМУнун маалымат сайты 2014-жылы январынан тартып иштей баштаган. Сайтта университеттеги жалпы түзүмдөрү, илим, билим берүү, эл аралык байланыштары, окутуучулар, студенттер, абитуриенттерге тиешелүү маалыматтар камтылган.

Сайттын башкы бетинде университеттин жалпы жаңылыктары, “Үмүт”  ТВ, “Нур” студенттик гезиттеринин чыгарылыштары берилет.      

Фото галерея