Адрес | Масалиев пр. 91а, Ош ш., 714000, |
Телефон | |
Факс | |
Веб-сайт | http://pedfak.oshsu.kg./ |
Педагогика жана дене тарбия факультети 1959-жылы негизделген (буйрук №150. 20-июль) ОшМУнун структурасындагы алгачкы факультеттерден. Биринчи ачылганда музыка-педагогика факультети деп аталып, жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоого багытталган. Анткени ошол мезгилде республикада аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү эле.1978-79-окуу жылында музыка адистиги бөлүнүп кеткенден кийин, педагогика факультети өзүнчө факультет болуп түзүлгөн. 1998-99-окуу жылынан тартып дене тарбия адистиги ачылгандыгына байланыштуу, педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып, 2008-жылы ректордун буйругунун негизинде искусство факультети менен педагогика жана дене тарбия факультети биригип, педагогика жана искусство факультети деп аталган. 2011-жылдын сентябрь айынан баштап, искусство бөлүмү факультет болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу педагогика жана дене тарбия факультети болуп кайрадан аталды. 2012-жылдын июль айынан баштап факультетти п.и.к., доцент Муратбаев Бактыбек Бакасович жетектеп келе жатат.Факультеттин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Россия федерациясынын билим берүү мекемелеринде да үзүрлүү иштеп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык.
Факультеттин миссиясы– Факультеттин миссиясы – учурдун талабына жооп берген адистерди – башталгыч класс мугалимдерин, тарбиячы-методисттерди, дене тарбия мугалимдерин, машыктыруучуларды, спортчуларды даярдоо. Алыскы жана жакынкы жерлерде жетишсиз болуп жаткан адистиктерди адистер менен камсыздап туруу. Педагогика жана дене тарбия факультети коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө жана Ош областынан сырткары Жалал-Абад, Баткен областтарына тиешелїї адистерди даярдайт.
Факультеттин максаты– Компетентүүлүк мамиленин негизинде заманбап билим берүүнү, тарбиялык ишмердүүлүктү камсыздай алган, нравалык, маданий жана илимий баалуулуктары калыптанган башталгыч класс, дене тарбия мугалимдерин, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячы-усулчуларын, психологдорду жана машыктыруучуларды Кыргызстандын бардык аймактары жана коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү үчүн даярдоо.
Факультеттин милдети – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаан-
даштыкка туруштук берген татыктуу кадрларды даярдоочу устат болуу. Ар бир студентти окууга, жашоого, чыгармачыл болууга үйрөтүү.
Адистиктер
№ |
Адистиктин аталышы |
даражасы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
1 |
Башталгыч билим берүү |
бакалавриат |
Күндүзгү, дистанттык |
4, 5 жыл |
магистратура |
Күндүзгү |
2 жыл |
||
2 |
Дене тарбия
|
бакалавриат |
Күндүзгү, дистанттык |
4,5 жыл |
магистратура |
Күндүзгү |
2 жыл |
||
3 |
Мектепке чейинки билим берүү |
бакалавриат |
күндүзгү |
4 жыл |
4 |
Психология |
Бакалавриат
|
Күндүзгү, кечки |
4 жыл |
Магистратура
|
Күндүзгү |
2 жыл |
Кафедралар
Кафедранын аталы |
Кафедра башчысы |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасы
|
Филол., к., доцент Мамутов Мансур
|
0772862650 0557862650 |
|
Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасы |
Райимбердиев Ырысмамат Абдуманапович |
0777 657515 0704 657515 0552 339555 |
|
Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы |
Биолог., к., доцент Шаимкулова Минавар Абдувайитовна |
+996773672643 +996551510079 |
|
Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы |
Бабаев М. |
+996773504104 |
|
Психология кафедрасы |
Жолдошева Акчач Олмасовна |
+996 772 702 642 |
|
Жалпы психология кафедрасы |
П.и.к., доцент Кошонова Салтанат Шаниязовна |
+996705473227 |
|
Педагогика кафедрасы |
П.и.к., Колдошов Мисирали Колдошович |
+996702590490 |
|
№1 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы |
Карабаев Рашид |
+996553079495 |
Факультеттин жетекчилиги
Кызматы |
Аты-жөнү |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Декан |
Муратбаев Бактыбек Бакасович |
+996 777-144-142 |
|
Декандын окуу иштери боюнча орун басары |
Казибеков Алмазбек Казибекович |
+996778077794 +996554700791 |
|
Декандын сырттан окуу боюнча орун басары |
Тойчуев Таалайбек Кыязович |
+996772750768 +996552750768 |
|
Декандын илимий иштери боюнча орун басары |
Бекмуратов Замирбек Топчуевич |
+996773153312 +996551153312 |
|
Декандын тарбия иштери боюнча орун басары |
Өмурзакова Гулкайыр Абдималиковна |
+996779445994 +996551757475 |
|
Декандын эл аралык байланыштар жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары |
Ислаев Медетбек Назарович |
+996770608395 +996554121206 |
|
Окуу-усулдук кеңештин төрайымы
|
Таабалдиева Атыргүл Кичиковна |
+996773162474 +996553021174 |
|
Окумуштуу катчы |
Бообекова Айнагуль Ашировна |
+996773180467 +996556656794 |
|
Магистратура бөлүмүнүн башчысы
|
Алиева Канышай |
+996555052667 +996772398291 |
|
Практика жетекчиси
|
Дүйшөнали кызы Канымбү |
+996777151320 |
|