ОшМУнун Enactus командасы Кыргызстандын улуттук чемпиону аталып Бразилияга жолдонмо алды

Main Events

ОшМУнун Enactus командасы Кыргызстандын улуттук чемпиону аталып Бразилияга жолдонмо алды

Image

 

Жаштар ишкердиги жаатындагы эң ири улуттук иш-чаралардын бири болгон «Expo жаштар стартаптары – 2026» сынагында Ош мамлекеттик университетинин Enactus OshSU командасы жеңишке жетишип, өлкөнүн чемпиону аталды.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте уюштурулган сынакта өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар жана жаш ишкерлер коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган инновациялык долбоорлорун сунушташты. Катышуучулар экология, жумушсуздук, социалдык өнүгүү жана туруктуу келечекке байланышкан демилгелери менен күч сынашты.
Калыстар тобунун жогорку баасына ээ болгон ОшМУнун Enactus командасы 7-июндагы жыйынтыктоочу иш-чарада улуттук чемпион наамын жеңип алып, Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү укугуна ээ болду.

Эми команда ушул жылдын 16–19-ноябрь күндөрү Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунда өлкөбүздүн намысын коргойт. 

Дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн келген командалар катышкан бул абройлуу мелдеш жаштар ишкердиги, инновация жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эң ири эл аралык аянтча болуп саналат.

ОшМУнун командасы 1997-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толукталып келет. “Бул жылдар аралыгында команда 100дөн ашуун бизнес долбоорлорду иштеп чыгышты. 1000 ден ашуун бүтүрүүчүлөр чыгып, учурда бизнес тармагында ийгиликтүү иштеп жатышкан ишкерлерге айланды. Бул жылдар аралыгында команда Борбор Азиянын чемпиону, эки жолу Кыргызстандын улуттук, жети жолу вице-чемпиону болгон. Дүйнөлүк кубокто Кытайдын Пекин, Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын намысын коргогон”, - деди ОшМУнун  Enactus командасын  түптөлгөндөн бери жетектеп келе жаткан академиялык эдвайзери  Эрлан Камалов.

Photogallery