Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту дүйнөдөгү 500дөн ашык ушундай мекеменин ичинен тандалып, мыкты 15 институттун катарына кирди.
Сыйлык тапшыруу аземи 14-ноябрда Кытайдын Пекин шаарында өткөн «Дүйнөлүк кытай тили конференциясы – 2026» иш-чарасынын алкагында болду. Анда Конфуций институту «Ишмердүүлүктү жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн» (Outstanding Achievements in Localization) эл аралык сыйлыгын алды. Сыйлыкты университеттин ректору Кудайберди Кожобеков кабыл алды. Иш-чарага Конфуций институтунун кытай тараптан директору Ан Дэюань жана кыргыз тараптан директору Токтосун Айтикеев да катышты.
Бул сыйлык институттун Кыргызстанда кытай тилин окутуу, жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруу жана кыргыз-кытай маданий байланыштарын өнүктүрүү багытындагы иштерине берилген баа болду. Ошондой эле ОшМУнун эл аралык кызматташтыктагы жетишкендиктерин дагы бир жолу көрсөтүп, Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү, маданий байланыштарын чыңдоого кошкон салымын белгиледи.
Конференцияда мындан сырткары билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, санариптик технологияларды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: ОшМУнун алдындагы Конфуций институту көп жылдан бери кытай тилин үйрөтүү, окуу материалдарын даярдоо, жергиликтүү окутуучуларды даярдоо жана алардын билимин жогорулатуу багытында иш алып барып келет.