Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Алтай мамлекеттик университети Эл аралык билим берүү акциясын баштайт

Main News

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Алтай мамлекеттик университети Эл аралык билим берүү акциясын баштайт

Image

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Алтай мамлекеттик университети Эл аралык билим берүү акциясын баштайт. «Улуу Жеңиштин тарыхын бил!» аттуу  онлайн-тест Кыргызстанда февраль айынын аягында башталат.

Биринчи акция 2025-жылдын 25-февралы саат 10:00дө Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана юридика институтунун жыйындар залында өтөт. Дареги: Ош шаары, И. Раззакова көчөсү 17 А.

«Тесттин суроолору Советтер Союзуна кирген Борбордук Азия жайгашкан өлкөлөрдүн Улуу Ата Мекендик согуштагы катышуусунун тарыхына арналган. Тестте аймакта түзүлгөн дивизиялар, чакырылган жоокерлердин саны, баатырлар жана алардын эрдиктери тууралуу суроолор камтылган. Суроолор гана согуштук аракеттерди эмес, ошондой эле Борбордук Азиядагы Советтер Союзунун тылындагы тарыхты да чагылдырат: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан республикаларынын тарыхы» - деп билдиришет уюштуруучулар.

Акция дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн байланыш орнотуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, аларга Борбордук Азия элдеринин согушка катышуусу тууралуу терең билим алууга шарт түзөт. Тест тапшырмаларын аткарган бардык катышуучуларга атайын сертификаттар берилет, ал эми эң жогорку балл топтогондор уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар менен сыйланат.

Ош мамлекеттик университетинин студенттерин бул маанилүү иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз.

Уюштуруучулар: Алтай мамлекеттик университети, Алтай мамлекетинин тюркология жана алтай изилдөөлөрү боюнча илимий борбору «Большой Алтай», Алтай аймагындагы Россиянын тарыхый коомунун бөлүмү, Россиянын Сбербанк Алтай бөлүмү.