Студенттер жана окутуучулар жалпы ишембиликке чыгышты 

Main News

Студенттер жана окутуучулар жалпы ишембиликке чыгышты 

Image

Бүгүн, 20-сентябрда өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Ага ылайык, Ош мамлекеттик университетинин бардык институт, факультет, колледждеринин окуу корпустарынын ичи, эмеректер жууп тазаланды. Сырткы короолору шыпырылып, арыктар жана жол жээктериндеги таштандылар алынды. 

Ошондой эле жатаканалардын санитардык абалы текшерилип, тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Жалпы ишембилик президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы жарлыгынын негизинде өтүүдө.

 

Photogallery