ОшМУда 60 кВттык гибриддик күн электр станциясы ишке берилди 

Main News

ОшМУда 60 кВттык гибриддик күн электр станциясы ишке берилди 

Image

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) саатына 60 кВт кубаттуулуктагы гибриддик күн электр станциясы ишке киргизилди. Кун станциясы «Next Generation Hub» борборунун  имаратынын чатырына орнотулуп, учурда робототехника окуу борборун толук күн энергиясы менен камсыздап жатат. 

Күн электр станциясын орнотуу ректор Кудайберди Кожобековдун колдоосу менен ишке ашырылды. Зарыл болгон техникалар Өзбекстандан сатып алынып, адистер келип орнотуп беришкен. Ошондой эле ОшМУдан төрт кызматкер күн электр станцияларын куруу жана тейлөө боюнча окуудан өтүп, атайын сертификаттарга ээ болушту.  Натыйжада университет мындай станцияларды мындан ары өз алдынча куруу жана тейлөө мүмкүнчүлүгүнө жетишти. 

Гибриддик күн электр станциясын куруу демилгеси ОшМУнун Табигый ресурстар борборуна таандык. Борбордун директору Тажимамат Эркебаев келечекте күндөн өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясын мамлекеттик энергетикалык тармакка сатуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул кадам  университеттин кошумча киреше булактарын түзүп, энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоого шарт түзөт. 

Бул долбоор университетте жашыл экономикага өтүү, жаңылануучу энергия булактарын пайдалануу жана заманбап инженердик билимди өнүктүрүү багытында жасалган маанилүү кадам болуп эсептелет.

 

Photogallery