18-декабрда Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда студенттер арасында Кыргызстандын чыгаан, залкар инсандарына арналган чыгармачылык сынак өткөрүлдү. Иш-чара тарыхый образ, тарыхый ыр жана тарыхый эссе багыттары боюнча уюштурулду.
Сынактын жүрүшүндө студенттер тарыхый темаларды көркөм чагылдыруу аркылуу өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Катышуучулардын эмгектерин Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов баалашты.
Жыйынтыгында тарыхый образ багыты боюнча Өмүркан Уразалиева, тарыхый ыр боюнча Нозимахон Муталипжанова, ал эми тарыхый эссе багытында Рано Сапарали кызы жеңүүчү деп табылды. Аларга мэриянын I даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду. Максат – студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, чыгармачылык потенциалын ачуу жана коомдун өнүгүшүнө салым кошо ала турган жигердүү муунду тарбиялоо болду.