18-февралда окуу жайда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттерин бириктирген «Жаштардын сергек жашоо образы – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө карай» аталышындагы форум уюштурулду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Форумда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын светтик принциптери, экстремизм жана терроризмге каршы аракеттер, киберкоопсуздук, жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун, эрте никенин алдын алуу маселелери боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштардын социалдык жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Иш-чара жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, креативдүү идеяларды талкуулоого, ыктыярчылык маданиятын жайылтууга багытталды.
Форум талкуулар менен коштолуп, катышуучулар өз пикирлерин активдүү билдиришти. Жыйын соңунда чакан концерттик программа тартууланды.