Коллеждерде жана институттарда студент кыздардын ден соолугун чыңдоо, жеке өнүгүүсүн колдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында жолугушуулар өткөрүлдү.
Мисалы, Эл аралык билим берүү программалар коллежинде «Кыздын көркү – косметологдун көз карашы» аттуу иш-чара өтүп, ага врач-косметолог Сайкал Кушбакова чакырылды. Адис териге туура кам көрүү, косметикалык каражаттарды туура тандоо жана сергек жашоонун сулуулукка тийгизген таасири тууралуу кеңештерин берди.
Ал эми Медициналык коллежинде психолог, нумеролог Карлыгач Субанова кыздардын баалуулуктары, өзүн-өзү сыйлоо жана коопсуз жүрүм-турум тууралуу маалыматтарды айтып,студенттердин суроолоруна жооп берди.
Педагогика, искусство жана журналистика институтунда акушер-гинеколог Жайнагүл Мамытова кыздардын репродуктивдүү ден соолугу, жеке гигиена, оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берди. Ошондой эле сергек жашоо образын кармануунун маанисине токтолду.
Тарых-юридика институтунда болсо профессор-культуролог Тамара Кадырбаева, психологдор Алима Каленова, Анара Мурзабекова жана Карлыгач Субанова студент кыздардын жүрүм-туруму, адеп-ахлактык баалуулуктары, жеке өсүүсү тууралуу түшүндүрмө беришти.
Мындай жолугушуулар студент кыздардын ден соолугун чыңдоого, өзүнө болгон ишенимин арттыруу, руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталды. Иш-чаралар Аялдар кеңештери тарабынан уюштурулду.