Окумуштуулар Фергана өрөөнүнүндөгү актуалдуу маелелерди талкуулашты

Main News

Окумуштуулар Фергана өрөөнүнүндөгү актуалдуу маелелерди талкуулашты

Image

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын окумуштуулары Фергана өрөөнүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди 3-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ)  талкуулашты.

Жыйында глобалдашуу шартында аймактын тарыхы, философиясы, тили жана маданияты тууралуу сөз болду. Катышуучулар Фергана өрөөнүндө өлкөлөр ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маанилүү экенин белгилешти. Ал эми пленардык жыйында окумуштуулар илимий баяндамаларын жасап, Борбор Азиядагы тарыхый процесстер, өрөөндүн маданий мурасы жана анын бүгүнкү күндөгү орду тууралуу ойлорун айтышты.

Илимий-практикалык конференция андан кийин секциялык иштер менен уланды. Анда тарых, философия, тил, маданият жана билим берүү багытындагы маселелер талкууланды. Мындан тышкары Фергана өрөөнүнүн окумуштуулар ассоциациясын түзүү боюнча резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Илимий жыйын “Фергана – улуттар аралык биримдиктин, ынтымактын жана достуктун өрөөнү” деген ураан алдында өттү.

 

Photogallery