ОшМУнун жаш дарыгерлери эл аралык таймашта байгелүү орунга жетти

Main News

ОшМУнун жаш дарыгерлери эл аралык таймашта байгелүү орунга жетти

Image

Ош мамалекеттик университетинин жаш дарыгелеринен түзүлгөн команда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн эл аралык «Педиатрлар таймашы» олимпиадасында 3-орунду ээледи. 

Билим таймашы үч баскычта өтүп, катышуучулар алгач практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Андан соң теориялык билимин сынашты. Жыйынтыктоочу этапта Kahoot платформасы аркылуу блиц сурооолорго жооп беришти.

Команданын курмында Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун ординторлору Азатбек Жээнбеков, Айпери Исакова жана Медицина факультетинин студенттери Гулнур Кубанычбек кызы, Дилфуза Нурматова, Перизат Карыбекова, Айзада Орозова болду. Аларды окутуучу Адалат  Ганиева жетектеп барган.

Эске салсак, бул команда олимпиадага бара жатып Ош–Бишкек жолунда болгон жол кырсыгында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүп, адамдардын өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөткөн.

16-апрелде өткөн«Педиатрлар таймашы» олимпиадасы студенттердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, практикалык көндүмдөрүн чыңдоо, педиатрия багытына кызыгууну арттыруу максатында уюштурулган.


 

Photogallery