Конок лекция: германиялык окумуштуу AI жана санариптик изилдөөлөр тууралуу маалымат берди

Main News

Конок лекция: германиялык окумуштуу AI жана санариптик изилдөөлөр тууралуу маалымат берди

Image

Германиядан келген окумуштуу, PhD Аксана Исмаилбекова «Илимий изилдөө жүргүзүүдөгү санариптештирүү жана жасалма интеллект» темасында конок лекция окуду. Лекция 16-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда өттү. 

Анда заманбап илимий изилдөөлөрдө санариптик технологиялардын ролу, маалыматтарды иштетүү ыкмалары, жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Соңунда институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев конокко ыраазычылык билдирип, лекция студенттер, окутуучулар үчүн пайдалуу болгонун белгиледи.

Күндүн экинчи бөлүгүндө Аксана Исмаилбекова Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Элес Эркебаев жана “Чыгыш кол жазмалары жана мурастары” фондунун жетекчиси Байболот Абытов менен жолукту. Анда келечектеги биргелешкен илимий долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушууда илимий кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык долбоорлорго катышуу, чыгыш таануу багытындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелери каралды.

 

Photogallery