Беш өлкө катышкан олимпиадада ОшМУ биринчи орунду жеңип алды

Main News

Беш өлкө катышкан олимпиадада ОшМУ биринчи орунду жеңип алды

Image

ОшМУда орус тили боюнча V эл аралык Державин олимпиадасынын финалдык этабы өттү. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды  окуу жайдын студенттери жеңип алды.

Олимпиадага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Беларус жана Кытайдан 650 студент катышты. Биринчи этаптан кийин 75и финалга чыкты. Алардын 14ү ОшМУнун студенттери. Финалды бөлүк 24-апрелде ОшМУнун базасында өттү. Өлкөнүн ар тарабынан келген мыкты студенттер бул жерде күч сынашты.

Олимпиада чет өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү, студенттердин тилге кызыгуусун арттыруу жана маданий байланышты күчөтүү үчүн өткөрүлдү. Иш-чарага Тамбов мамлекеттик университетинин өкүлдөрү да келди. Доцент Татьяна Дьякова студенттер, окутуучулар үчүн ачык лекция окуп, орус тилин чет тил катары үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын айтып берди.

Photogallery