Футбол: ОшМУ «Дордойду» жеңди

Main News

Футбол: ОшМУ «Дордойду» жеңди

Image

1-май күнү «ОшМУ»  футбол командасы «Дордой» клубун алгачкы жолу жеңип, тарыхый жыйынтык жаратты. Беттеш 2:1 эсебинде ОшМУнун пайдасына аяктады.

Оюн чыңалуу менен өтүп, эки команда тең активдүү чабуул уюштурду. Беттештин 47-мүнөтүндө Танимово Эзекейл эсепти теңеп, командасынын алгачкы голун киргизди.

Андан соң оюн темпи күчөп, атаандаштар дарбазага кооптуу соккуларды узатышты. 76-мүнөттө Андрей Сидоров так сокку менен жеңиш голун жаратып, ОшМУну алдыга чыгарды. Калган убакытта команда эсепти сактап калууга жетишип, тарыхый жеңишин камсыздады.

Оюндагы жогорку чеберчилиги жана активдүүлүгү үчүн Танимово Эзекейл беттештин «Мыкты оюнчусу» (MVP) деп табылды.

Алдыда ОшМУ командасын дагы маанилүү беттештер күтөт. 17-май күнү Премьер-лиганын алкагында «Талант» командасына каршы оюн өтөт. Ал эми 20-майда Кыргызстандын кубогу мелдешинде ОшМУ өз үйүндө «Нефтчи» клубун кабыл алат.

Photogallery