КАБЫЛ АЛУУ: ОшМУнун Тарых-юридика институту кандай адистиктерди даярдайт?

Main News

КАБЫЛ АЛУУ: ОшМУнун Тарых-юридика институту кандай адистиктерди даярдайт?

Тарых-юридика институту — тарых, юриспруденция, бажы иши, сот экспертизасы жана башка коомдук-гуманитардык багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган заманбап билим берүү жана илимий-изилдөө борбору. Институтта студенттер укук таануу, мамлекет жана укук теориясы, эл аралык укук, бажы иши, соттук экспертиза, тарых жана коомдук илимдер тармагында терең билим алып, кесиптик көндүмдөргө ээ болушат.

Тарых-юридика институтунун тарыхы Ош мамлекеттик университетинин түптөлүшү менен тыгыз байланышта. Институттун негизи 1939-жылы тарых факультети катары түптөлүп, өлкөбүздүн түштүк аймагы үчүн тарых жана коомдук билим берүү тармагында адистерди даярдоо башталган.

1992-жылы эгемендүүлүк мезгилинде укуктук билимге болгон муктаждыктын өсүшүнө байланыштуу юридикалык багыт ачылып, Тарых-укук факультети болуп түзүлгөн. Кийинки жылдары тарых жана юриспруденция адистиктери өз алдынча жана биргелешкен түзүмдөр катары ийгиликтүү өнүгүп келген.

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун 2024-жылдын 22-июнундагы №2810 буйругунун негизинде Тарых-юридика институту түзүлгөн. Учурда институтту юридика илимдеринин доктору, профессор К.Г. Кулдышева жетектеп келет.

Тарых-юридика институтунун артыкчылыктары:

✔ Тарых, юриспруденция, бажы иши жана сот экспертизасы боюнча заманбап билим берүү программалары;

✔ Жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамдан билим алуу мүмкүнчүлүгү;

✔ Теория менен практиканы айкалыштырган окуу процесси;

✔ Сот, прокуратура, ички иштер органдары, мамлекеттик мекемелер жана башка түзүмдөр менен тыгыз кызматташтык;

✔ Илимий изилдөөлөргө жана студенттик илимий иштерге кеңири мүмкүнчүлүктөр;

✔ Эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк программалары;

✔ Замандын талабына жооп берген материалдык-техникалык база жана окуу ресурстары;

✔ Коомдогу актуалдуу маселелерди изилдөөгө багытталган илимий долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгү.

 

Бүтүрүүчүлөр кайсы тармактарда иштей алышат?

Институттун бүтүрүүчүлөрү сот органдарында, прокуратурада, адвокатурада, ички иштер органдарында, бажы кызматында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, билим берүү уюмдарында, архивдерде, илимий борборлордо, эл аралык уюмдарда жана жеке сектордо ийгиликтүү эмгектенип келишет.

Бүгүнкү күндө Тарых-юридика институту Ош мамлекеттик университетинин алдыңкы структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Институт заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен сапаттуу билим берүүнү камсыздап, коомдун өнүгүшүнө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

 

ТАРЫХ  ЖАНА  ЮРИДИКА  ИНСТИТУТУ

Багыты/адистиги

ЖРТ кошумча предмет

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Эскертүү

Жогорку кесиптик билим берүүчү багыттар/Бакалавр

Социалдык-экономикалык билим берүү - Тарых

Тарых

Күндүзгү/Сырттан

4 жыл/5 жыл

 

Китепкана таануу жана документ жүргүзүү:

Башкарууну документациялык камсыздоо

Негизги тест

Күндүзгү/Сырттан

4 жыл/5 жыл

 

Юриспруденция

Тарых

Күндүзгү/Сырттан

4 жыл/5 жыл

 

Соттук экспертиза

Негизги тест

Күндүзгү

5 жыл

 

Бажы иши

Математика

Күндүзгү/Сырттан

5 жыл/6 жыл

 

Магистратура

Социалдык-экономикалык билим берүү - Тарых

 

Күндүзгү/Сырттан

2 жыл/2,5жыл

 

Юриспруденция

 

Күндүзгү

2 жыл

 

 

 

 ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

 Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

 

Photogallery