Дене тарбия адистигинин студенти Азиза Абдибалиева Казакстанда өткөн эл аралык бокс мелдешинде калыс болду.
22-25-июль күндөрү өткөн мелдеш Эл аралык бокс уюмунун (IBO) версиясы боюнча дүйнөнүн убактылуу чемпиондук наамы үчүн уюштурулган. Анда Азиза Абдибалиева кыргызстандык калыстар тобунун курамында иш алып барды.
Анын айтымында, бул мелдеш ага эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берди. Ал келечекте дагы ушундай ири спорттук иш-чараларда калыстык кылууну максат кыларын белгиледи.