24–25-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында «Чоң Алтай – байыркы түрктөрдүн мекени» аттуу III эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Эл аралык жыйынга ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун «Чыгыш кол жазмалары жана мурастары» фондунун жетекчиси, профессор, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов катышып, «Түрк жана көчмөн цивилизациясы: маселенин коюлушу жана түшүнүктөрдүн катнашы» аттуу илимий баяндама жасады. Баяндамада окумуштуу түрк жана көчмөн цивилизацияларынын тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул багыттагы илимий көз караштары менен бөлүштү.
Конференцияга Орусия, Түркия, Азербайжан, Германия, АКШ, Швеция, Монголия жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар катышты. Алар түрк дүйнөсүнүн тарыхы, маданий мурасы боюнча илимий баяндамаларын сунушташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө түрк жана көчмөн элдеринин тарыхы, алардын дүйнөлүк цивилизациядагы орду, маданий мурастарды изилдеп, сактоо, тарых илиминдеги жаңы багыттар боюнча пикир алмашуу болду.