Октябрь Капалбаев ОшМУда конок лекция окуду

Main News

Октябрь Капалбаев ОшМУда конок лекция окуду

Image

25-сентябрда Президенттин администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары – Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, профессор Октябрь Капалбаев ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттерине, профессордук-окутуучулук курамына конок лекция окуду.

Лекцияда ал «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу концепциясынын негизги багыттары, мааниси тууралуу маалымат берди. Ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү стратегиялык максаттар, коомдук аң-сезим, жаш муундун келечекке болгон көз карашын калыптандыруу маселелери талкууланды. 

Лекциянын соңунда институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев конок лекторго ыраазычылык барагын тапшырып, өзүнүн «Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары» аттуу китебин белекке берди.

Октябрь Капалбаев тарых, коомдук-саясий процесстер жана мамлекеттик өнүгүү багыттарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Ал бир нече китептин, илимий макалалардын автору. 

 

Photogallery