Студенттер «Боорукердик» үйүнөн кабар алышты

Main News

Студенттер «Боорукердик» үйүнөн кабар алышты

Image

1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата чет тилдер факультетинин экинчи курсунун студенттери Ош шаарындагы «Боорукердик» үйүнө барып, карыялардан кабар алышты.

Алар карыяларга арнап концерттик программа тартуулашты. Ырдап-бийлеп, дасторкон жайып, белектерин тапшырышты. Ошондой эле карыяларды майрамы менен куттуктап, ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалашты.

Иш-чара педагогика кафедрасынын окутуучусу Айсана Самиеванын жетекчилиги алдында уюштурулду.

«Мындай жолугушуулар жаш муунга улууларды урматтоо, аларга кам көрүү, көңүл буруу жана мээрим көрсөтүү сыяктуу адамдык баалуулуктардын маанисин түшүндүрүүдө өзгөчө мааниге ээ», – деди ал.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов да катышып, карыяларды майрамы менен куттукташты. Алар кадырман карыяларга акчалай белектерин тапшырышты.

Photogallery