Мугалимдер күнүнө арналган континенталдык сабак өттү

Main News

Мугалимдер күнүнө арналган континенталдык сабак өттү

Image

2-октябрда  ОшМУнун орус филологиясы факультетинде Мугалимдер күнүнө карата «Билим, даанышмандык жана ыраазычылык» темасында континенталдык сабак өттү.

Сабакта студенттер мугалимдик кесиптин коомдогу орду, педагогикалык эмгектин мааниси, мугалимдин инсанды калыптандыруудагы ролу тууралуу пикир алышты. Ошондой эле келечектеги филологдор жана педагогдор үчүн бул кесиптин жоопкерчилиги талкууланды.

Иш-чара студенттердин кесиптик багытын аныктоосуна жана мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.