Ош мамлекеттик университетинин студенттери Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн StudEXPO–2026 студенттердин эл аралык эмгектер жарманкесине ийгиликтүү катышып, бир катар байгелүү орундарга ээ болду.
Студенттер төмөнкүдөй жыйынтыкка жетишти:
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын элүүгө жакын жогорку окуу жайынын 400гө жакын студенти катышты. ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жетектеген делегациянын курамында 15 окутуучу жана 55 студент болду. Алар программалоо, мобилдик жана веб-тиркемелерди түзүү, робототехника, автоматташтыруу, жасалма интеллект, 3D-моделдөө, кыймылдуу анимация, иллюстрация, графикалык дизайн багыттары, программалоо боюнча олимпиада аркылуу өз билимин, чыгармачылык жөндөмүн жана инновациялык долбоорлорун көрсөттү.
Иш-чарага Наманган облусунун жетекчилигинин өкүлдөрү, элчилер, IT Park жетекчилери, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана диаспора өкүлдөрү катышты. Эл аралык жарманке студенттердин тажрыйба алмашуусуна, инновациялык идеяларын жайылтып, университеттер аралык кызматташтыкка өбөлгө болду.