ОшМУнун Уставынын, өзгөчө макамдын талаптарына ылайык университеттин билим берүү саясатын бирдиктүү ишке ашыруу максатында жана структуралык бөлүмдөрдүн жылдык KPI аткарылуусун талдоонун негизинде уюштуруу-башкаруу структурасын, административдик кызматтарынын жана структуралык түзүмдөрүнүн штаттык жадыбалын оптималдаштыруу максатында Илимди өнүктүрүү департаменти түзүлдү.
Жаңы ачылган департаментин директору Жолдошбек Бөтөнөев болуп дайындалды. Департаментке “Илим, инновация жана долбоорлор”, “Аспирантура жана докторантура”, “Редакциялык басма” жана “Илимий басылмалар” бөлүмдөрү сектор катары бириктирилип, бир структура катары ишин баштады.
Илимди өнүктүрүү департаментинин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – бул, эл аралык илим мейкиндигине интеграциялануу менен, ОшМУнун миссиясына, стратегиялык максаттарына ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, илимий-изилдөөлөргө шарт түзүү, окуу жайдын илимий басылмаларынын аброюн көтөрүү, Scopus, WoS базаларына кирген журналдар менен кызматташууну жаңы баскычка чыгаруу, жаш окумуштууларга илимий-теориялык жана каржылык колдоо көрсөтүү.
Илимди өнүктүрүү департаментинин негизги милдеттери жана укуктары – бул, департаменттин алдыга койгон максаттарын толугу менен мыйзам чегинде аткарууга милдеттүү жана департаменттин ишмердүүлүгү боюнча чечимдерди кабыл алууга, университет жетекчилигине буйруктардын, жоболордун долбоорлорун сунуштоого, кызматкерлерге милдеттерди жүктөөгө жана алардын аткарылышын талап кылууга, илимий, каржылык жана кадрдык маалыматтарды суроого жана алууга, университеттин атынан илим багытында өкүлчүлүк кылууга укуктуу.