Üniversite Yapı Fakülteler Matematik ve Bilgisayar Teknolojileri Fakültesi

Математика жана информациялык технологиялар факультети

Адрес Ош шаары, Ленин көчөсү 331
Телефон 0(3222) 5-52-86, 7-49-93, 2-22-02
Факс
Веб-сайт http://fmit.oshsu.kg/
E-mail

Ош мамлекеттик университети эң алгач 1939-жылы Ош мугалимдер институту болуп түзүлгөн жана 1951-жылы СССР Министрлер Советинин токтому менен Ош педагогикалык институту болуп кайра түзүлүп, факультетибиз физика – математика факультети деп аталган. Физика-математика факультетинин биринчи деканы ф.-м.и.к., доцент Половиков Федор Иосифович болуп, ал факультетти 1951-1953-жылдары жетектеген. Факультетте 1951-1955-жылдары математика бөлүмүндө 23, ал физика бөлүмүндө 18 студент биринчи бүтүрүүчү болуп жогорку билимдүү математика жана физика мугалимдери квалификацияларына ээ болушкан.

1953-1956-жылдары физика-математика факультетин ф.-м.и.к., доцент Шамгунов Кизим Давлетович жетектеген жана ал математика кафедрасынын башчысы да болгон. 1956-жылы физика-математика факультетине 100 студент кабыл алынган, ал эми факультетте 64 (математика бөлүмүн - 41, физика бөлүмүн - 23) студент окууну бүтүргөн.

1960-жылы институттун жаңы имараты (азыркы башкы имарат) ишке берилген. Физика-математика факультети жаңы имаратка көчүрүлгөн. Бул лабораторияларды жана кабинеттерди кеңейтүүгө жана мыктылап жабдууга мүмкүнчүлүк берди. Факультеттин кийинки жетекчилери:

Факультет, 80 жылдык тарыхы бар Ош мамлекеттик университетин курамында, 1939 жылдан бери 22600 дөн ашуун адистерди даярдап чыгарды. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргыз Республикасында, Россия, Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан, Турция, АКШ, Кытай өңдүү өлкөлөрдө эмгектенишүүдө.

Студенттердин окуп билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Факультетте 2006-жылдан баштап «AVN» информациялык системасы киргизилип, окуу процесси толугу менен автоматташтырылган: сессиялар кредиттик технологиянын алкагында рейтингдик-модулдук системанын негизинде уюштурулуп, сынактар «AVN» информациялык системасында жана компьютердик тестирлөө программалары менен алынат. Ата-энелер балдарынын окуудагы жетишүүлөрү, контракттык төлөмдөрү, академиялык карыздары, сабактарга катышуусу тууралуу KelBil мобилдик тиркеме аркылуу маалымдалып турат.

2011-жылдын декабрь айынан баштап факультеттин компьютердик класстарын эл аралык талапка ылайык жабдуу максатында 302, 303, 305(а,б), 308, 314, 315, 316б компьютердик класстарына локалдык тармак аркылуу көрүүчү видео байкоо камералары орнотулду жана ишке киргизилди. Мындан тышкары видео байкоо камералары компьютердик борбордун коридоруна 3 даана, чоң лекциялык 8 аудиторияга да коюлуп, окутуу процессин көзөмөлдөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бардык компьютерлер оптоволокондук зым менен локалдык жана бүткүл дүйнөлүк Интернет тармагына туташтырылган. 2011-2012-окуу жылынан баштап “Сорос” фонду тарабынан каржыланган WiFi зымсыз интернет тармагы студенттер үчүн акысыз пайдаланууга берилди.

Окутуу процесси автоматташтырылган «AVN» информациялык системасын колдонуу менен модулдук-рейтингдик система боюнча жүзөгө ашырылууда. Ошондуктан окутуучу, студент жана студенттин ата-энеси http://avn.osu сайтынан модулдардын, зачет-экзамендердин электрондук ведомостторун толук көрө алат, б.а. «AVN» ИС студенттердин билимин баалоо процессинин ачык-айкын болушун камсыз кылат. Ошондой эле студенттин электрондук зачеткасы 1-курстан баштап регулярдуу толтурулуп турат жана аны студен же окутуучу өз каалоосу менен өзгөртө албайт.

Факультет 2013-жылдан баштап «IT-технология» багыты боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун университеттеринин (ШКУУ) мүчөлүгүнө кирген.

2019-жылы МИТ факультетинин “Компьютердик борборунун” адистери тарабынан mit.oshsu.kg дарегиндеги веб баракча иштелип чыгып, анда факультетте өткөрүлгөн иш чаралар, жаңылыктар, жарыялар о.э. сабактардын жадыбалдары киргизилип ишке берилген.

2020-жылдан баштап «FTP» локалдык сервериндеги программаларды жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан колдонуучуларга каалаган жерден, каалаган учурда программаларды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында компьютердик борбордун адистери тарабынан атайын Софт веб-сайты (http://soft.oshsu.kg/) жана анын мобилдик тиркемеси (soft.apk) иштелип чыгып колдонулууда. Мындан сырткары “Компьютердик борбор” окуу лабораториясынын сайты (http://soft.oshsu.kg/okuu-lab/index.php) түзүлдү. Ал сайтта окуу лабораториясынын тарыхы, кызматкерлери жана класстары жөнүндө маалыматтар, электрондук китептер, журналдар жана видео-сабактар камтылган.

2018-жылдын 30-ноябрынан баштап МИТ факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Учурда факультетте төмөндөгүдөй 8 кафедра, 1 компьютердик борбор иш алып барат. Факультетте 11 бакалавр багытынын 14 профили, 7 магистратура программасы боюнча кадрларды даярдап, замандын талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди чыгарууда.

 

Азыркы мезгилде факультетте 100 профессордук-окутуучулук курам, алардын ичинен
7 илимдин доктору, профессорлор, 34 илимдин кандидаты, доценттер о.э. улук окутуучулар жана окутуучулар эмгектенүүдө. Учурда факультетте 2300 студент билим алууда, алардын ичинен 1459 студент күндүзгү бөлүмдө, 609 студент сырттан окуу бөлүмүндө, магистратура программасы боюнча 232 студент окуп билим алышууда. Бюджеттик негизде 567 студент билим алууда. Мындан сырткары факультетте окуунун 360 мыктысы бар.

Бүгүнкү күндө факультет материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окутуунун сапатын жогорулатуунун жаңы технологияларын ишке киргизүү, окутуучулардын сапаттык курамын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштеринин практикалык колдонулушуна жетишүү үчүн аракеттенип, учурдун талабына ылайык адистерди компетенттүүлүк мамиле менен даярдоо максатында «Элибиз үчүн, жерибиз үчүн күйүп жанып ак дилден иштейбиз!» деген девиз астында үзүрлүү эмгектенүүдө.

 

Фото галерея