Адрес | Ленин к., 333, Ош ш., 714000, |
Телефон | 0(32 22)7-08-10 |
Факс | |
Веб-сайт | http://ftf.oshsu.kg |
Дареги |
Ош шаары, Ленин көч.,333 |
Телефон |
+996 777313607, +996 779881041 |
Факс |
(03222) 70915 |
Веб-сайт |
http://ftf.oshsu.kg |
|
Zaidarbekov@oshsu.kg |
Факультеттин тарыхы
Физика адистиги боюнча мугалимдерди даярдоо 1939-жылдан тартып Ош мугалимдер институту ачылгандан бери жүргүзүлүп келе жатат. Физика-математика факультети 1951-жылы түзүлгөн. “Физика” жана “Математика” кафедралары ачылган. 1965-жылы “Физика” кафедрасы “Жалпы физика” жана “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедраларына бөлүнгөн. 1985-жылы физика-математика факультети экиге бөлүнүп, физика факультети түзүлгөн жана 1987-жылы кайрадан бириккен. Физика факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Ш. Исмаилов иштеген.
2003-жылы Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту инженердик, атайын техникалык дисциплиналар, фундаменталдык жана жалпы илимдер кафедралары менен жаңыдан түзүлгөн. Институттун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Ы.Ташполотов дайындалган.
2006-жылдын 2-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Физика, математика жана информатика факультети, Компьютердик технологиялар факультети жана Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту жоюлуп, 10 адистиктикти тейлөөчү, адистешкен 6 кафедра курамына кирген физика-техника факультети түзүлгөн жана факультеттин деканы болуп ф.-м.и.д., проф. Ы.Ташполотов 2007-жылдын сентябрына чейин иштеген. Ал эми 2007–жылдын сентябрынан 2010-жылдын 15-октябрына чейин физика-техника факультетинин деканы болуп т.и.д., профессор Кенжаев И.Г., 2010-жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 1-октябрына чейин факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов дайындалган, ал эми 2011-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 1-октябрына чейин Физика-техника факультетинин деканы болуп факультеттин профессордук-окутуучулук курамы көпчүлүк добуш менен шайлаган ф.-м.и.к., доцент Өскөнбаев М.Ч. иштеди. 2016-жылдын 11-октябрь күнү факультеттин профессордук-окутуучулук курамы бир добуштан т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шариповичти Физика-техника факультетинин деканы кызматына шайлап алышты жана ал азыркы мезгилде факультетти жетектеп келе жатат.
Факультеттин миссиясы -
• Компетенттүүлүк мамиле менен физика-техникалык багытта заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;
• Өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;
Факультеттеги даярдалуучу багыттар жана профилдер
№ |
Коду |
Багыты, профили |
Академиялык даражасы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
1 |
550200 |
Физика-математикалык билим берүү: Физика профили |
Бакалавриат
|
Күндүзгү |
4 |
Дистанттык |
5 |
||||
Магистр |
Күндүзгү |
2 |
|||
510400 |
Физика |
Магистр |
Күндүзгү |
2 |
|
2 |
640200 |
Электроэнергетика жана электротехника: Электр менен камсыздоо профили |
Бакалавриат
|
Күндүзгү |
4 |
Дистанттык |
5 |
||||
Магистр |
Күндүзгү |
2 |
|||
3 |
610300 |
Агроинженерия |
Бакалавриат |
Күндүзгү |
4 |
Дистанттык |
5 |
||||
4 |
710400 |
Программалык инженерия: Роботтук техникалык системалар жана электромобилдик түзүлүштөр үчүн программаларды иштеп чыгуу |
Бакалавриат |
Күндүзгү |
4 |
Кафедралар
Кафедранын аталы |
Кафедра башчысы |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Эксперименталдык жана теориялык физика |
Осконбаев Маралбек Чотоевич |
0772 29 60 54 |
O_manas@mail.ru |
Жалпы физика жана ФОУ |
Жуманова Майрамкан Маматовна |
0553 93 73 66 |
mmjumanova@oshsu.kg |
Энергетика |
Матисаков Түгөлбай Кубатбаевич |
0772 67 20 69 |
tmatisakov@oshsu.kg |
Факультеттин жетекчилиги
Кызматы |
Аты-жөнү |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Декан |
Айдарбеков Зарипбек Шарипович |
0777 31 36 07 |
Zaidarbekov@oshsu.kg |
Декандын окуу иштери боюнча орун басары |
Жумакулов Жоодарбек Акылбекович |
0779881041 |
|
Эл аралык байланыштар боюнча орун басары |
Макамбаева Жийдегул Абдимиталовна |
0774 59 68 73 |
jmakambaeva@oshsu.kg |
Декандын тарбия иштери жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары |
Жеңишбек уулу Эрлан |
0559 11 11 68 |
Kg_erlan94@mail.ru |
Окуу-усулдук кеңештин төрайымы
|
Садыков Эркинбай |
0771 86 56 55 |
Sadikov.erkinbai@mail.ru |
Магистратура боюнча жооптуу
|
Каденова Батма Ажимаматовна |
0502 29 10 20 |
bkadenova@oshsu.kg |
Практика жетекчиси
|
Досонов Бекболот Рысалиевич |
0777 66 81 77 |
bdosonov@oshsu.kg |
Практика жетекчиси
|
Курбаналиев Максат Борубаевич |
0773 14 80 61 |
mkurbanaliev@oshsu.kg |
Кесиптик бирликтин төрагасы
|
Жороев Атабек Митаевич |
0772 44 51 15 |
ajoroev@oshsu.kg |
Декандын илимий иштери жана окумуштуу катчы |
Сатибекова Айгул Базаркуловна |
0779 76 45 00 |
asatibekova@oshsu.kg |