2008-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен “педагогика, психологиялык илимий усулдук борбору” ачылып, анын курамына педагогика жана психология кафедралары кирген. Борборду доцент Б.А.Апышев жетектеген. Ректордун №366 02.10.2012-ж. буйругунун негизинде педагогикалык, психологиялык илимий-усулдук борбору “Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борбору” болуп өзгөрүп, анын курамына педагогикалык адистиктердеги практикалар өткөрүлүп берилген. Борборду жетектөө п.и.к., доцент А.Батыралиевге жүктөлгөн. 2020-жылы ректордун 18-сентябрдагы №283-ЛС буйругунун негизинде структура “Педагогикалык практика бөлүмү”деп аталып, педагогикалык адистиктердеги практикаларды уюштуруу, өткөрүү жана көзөмөлдөө функциялары жүктөлдү. Бөлүмдүн жетекчиси болуп А.Батыралиев дайындалган.
2. Бөлүмдүн милдеттери
- Окуу жайындагы педагогикалык адистиктердеги практикалардын өтүшүнө жалпы жетекчилик кылат жана педагогикалык практика боюнча жобону жана башка укуктук-ченемдик иш-кагаздарды иштеп чыгат.
- Бөлүмдүн ишмердүүлүгү боюнча ректораттын алдында, Окумуштуулар жана админстративдик кеңештерде отчетторду берет.
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош облустук МБӨИ менен бирдикте мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү иштерин жүргүзөт.
- Ош областынын райондорунун жана Ош шаарынын билим берүүнү башкаруу жетекчилиги, мектептер менен практиканы өткөрүү боюнча келишимдерди түзөт.
- Университеттин методикалык кафедралары менен бирдикте практикалардын жумушчу программаларын, силлабустарын, ОМКларын, компетенцияларын, баалоо каражаттарынын фондун иштеп чыгат.
- Мектептерге педагогикалык практика үчүн акча каражатын төлөп берүүнү ишке ашырат.
- Онлайн формасында практиканы өтүүнүн мазмунун өнүктүрүүнүн жолдорун иштеп чыгат.
- Республиканын башка окуу жайларындагы педагогикалык практикалардын өтүшү боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып чыгуу менен алардын алгылыктуу жактарын окуу процессине жайылтат.
- Дистанттык технологияларды колдонуу менен практиканы өткөрүү боюнча методикалык семинарларды уюштурат.
- Болочок мугалимдерди университетке тартуу боюнча мектептерде кесиптик-багыттык иштерине көмөк көрсөтөт.
- Университетке жаш окутуучуларды жумушка кабыл алууда алардын педагогикалык-психологиялык билимин текшерүү иштерине катышат.
- Ректоратка, окумуштуулдар кеңешине педагогикалык практиканы өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет.
- Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана так аткарат.
3. Бөлүмдүн структурасы
- Бөлүмдүн структуралык курамын бөлүм жетекчиси, инспектору жана педагогикалык практика боюнча факультеттердин жетекчилери түзөт.
Аткарылган иштер:
- Педагогикалык практиканын жобосу (2019-ж.) толуктоолор менен иштелип чыгып, Окумуштуулар кеңешиндебекилип, методистерге жетекчиликке берилди;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын, Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери менен кесиптик кызматташтык боюнча келишимдер түзүлдү жана алдыңкы мектептерге баалуу сыйлыктар берилди;

- ОшМУ студенттердин практикасын санариптик технологияларды колдонуу аркылуу уюштуруу жана өткөрүү жобосун иштеп чыкты жана апробациядан өткөрдү;
- Ош шаарынын жана областынын мектеп мугалимдерине билим берүүнүн стандарты, компетенциялар жана практиканын азыркы мезгилдеги өзгөчөлүктөрү боюнча методикалык семинарлар өткөрүлдү;

- Бөлүм КМШнын, чет өлкөлөрдүн, республиканын жогорку окуу жайлары менен педагогикалык кадрларды даярдоо жана практикаларды өркүндөтүү боюнча илимий-практикалык байланыштарды түздү;
