Üniversite Yapı Enstitülar İleri Eğitim

Квалификацияны жогорулатуу институту

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 28.02.2020-ж. №7-протоколунун негизинде Квалификацияны жогорулатуу институту түзүлгөн. ОшМУнун ректорунун 03.07.2020-ж. №564-буйругуна ылайык анын директору болуп г.и.к., доцент Аккулов Абдижапар Ураимович дайындалган.

Квалификацияны жогорулатуу институту жөнүндөгү Жобо ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин жыйынында 06.11.2020-ж. №9-протоколунун негизинде каралып, ректордун №713 ФХ Д/20 – буйругу менен бегитилип, №37-бюллетень менен чыгарылган.

Квалификацияны жогорулатуу институту Ош мамлекеттик университетинин чарбалык эсептеги структуралык бөлүмү болуп саналат. Ал жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Эмгек Кодексинин, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын, Өкмөттүн (03.02.2004-ж. №53) токтомунун, Билим берүү жана илим министрлигинин (20.06.2017-ж. №786/1) буйругунун, ОшМУнун Уставынын жана Жамааттык келишиминин талаптарына, кошумча кесиптик билим берүүнү жана квалификацияны жогорулатууну жөнгө салган ж.б. нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

ОшМУнун Административдик кеңешинин 2020-ж. 18-декабрындагы №12 жыйынындагы “ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун ишмердигинин жалпы максаттары, милдеттери жана 2021-жылдын январь айында университеттин кызматкерлерин квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөрүү жөнүндө” деген 2-маселе боюнча чечим кабыл алынган. Ал чечимге ылайык Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 2021-жылдын январь айында университеттин кызматкерлерин квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу, пландарды түзүү жана жүргүзүү тийиштүү структуралык бөлүмдор менен биргеликте аткарылуусу көрсөтүлгөн.

Институт ОшМУнун кызматкерлеринин жана сырттан келген башка угуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча зарыл болгон окуу курстарын университеттин тийиштүү структураларынын көмөктөшүүсү аркылуу уюштурат. 

ОшМУнун кызматкерлеринин жана сырттан келген башка угуучулардын квалификациясын жогорулатуубоюнча зарыл болгон окуу курстарын уюштуруу алардын алган квалификациясынын рамкасындагы кесиптик ишмердигин (же) кесиптик деңгээлин жогорулатуу (теориялык жана практикалык билимдерин жаңылоо) үчүн зарыл болгон билимин өркүндөтүүгө (же) жаңы компетенцияларды өздөштүрүүгө, ошондой эле, ОшМУнун алдына, анын ичинде КРнын Өкмөтүнүн кошумча кесиптик билим берүү жөнүндөгү талаптарын аткаруу рамкасындагы коюлган милдеттерди чечүүнүн заманбап усулдарын өздөштүрүүгөбагытталган.

Өз ишмердигин баштаган кыска мезгил аралыгында Институт ОшМУнун, ошондой эле республиканын түштүк аймактарында жайгашкан бир катар жогорку ОшТУ, КӨУ сыяктуу жана Майлуу-Суудагы Борбор Азия колледжи, Кочкор-Ата колледжи, Оштогу “Мурас” колледжи сыяктуу атайын орто окуу жайлардын кызматкерлеринин, ошондой эле, Ош, Жалал-Абад,  Баткен областтарындагы мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруп, ийгиликтүү өткөрүүгө жетишти.

Муну менен катар коомубуз үчүн ар убак үзгүлтүксүз билим берүүнүн олуттуу маанисин эске алып, анын учурдагы актуалдуу талаптарына, буга байланыштуу КРнын Өкмөтүнүн Кошумча кесиптик билим берүү жөнүндөгү Жобосун бекиткен 03.02.2004-ж. №53-токтомуна ылайык мамлекеттик жана жеке сектордогу мекеме-ишканаларда эмгектенип жаткан кызматкерлер менен адистер үчүн тийиштүү багыттардагы окуу курстарын, ошондой эле, өлкөбүздөгү алдыңкы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөктөш окуу жайларга, өндүрүш жайларына стажировкаларды уюштуруп, алар аркылуу кызматкерлерибиздин жана адистерибиздин квалификациясын жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү мамлекеттик бийликтин тийиштүү өкүлчүлүктөрү биргеликте максималдуу түрдө  пайдаланууга жетишүүнү камсыздай турган аракеттерибиз алдыдагы иш пландарыбызга киргизилди.                                                                                                      Бул иштерди ОшМУнун Квалификацины жогорулатуу институту аркылуу жүргүзүүгө Ош шаарыбыздагы, же облусубуздагы эле эмес, республикабыздын бүтүндөй түштүк аймактарындагы эл чарбасынын түрдүү тармактарында мамлекеттик жана жеке сектордо да иштеп жаткан көптөгөн кызматкерлер менен адистердин квалификациясын жогорулатууну колго алууга толук шарттарыбыз, тактап айтканда, заманбап окуу-материалдык базабыз, жогорку деңгээлдеги окутуучулук-профессордук курам, мыкты усулчуларыбыз менен лекторлорубуз, чет өлкөлөрдөгү туруктуу жана ишенимдүү, ошондой эле, өлкөбүздүн өндүрүш тармактарында иштеген тажрыйбалуу, көп жылдардан берки өнөктөштөрүбүз бар.                                                                         Жогорудагымаксаттарды ишке ашыруу жана өлкөбүздүн саясый туруктуулугун камсыз кылуу, экономикасын өнүктүрүү багытындагы эң актуалдуу болгон мамлекеттик программаларын аткарууга жана аймакты өнүктүрүүгө салым кошуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагыыйгарым укуктуу өкүлү Ж.О. Абдураимов мененОш мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кожобеков К.Г.ортосунда 25.02.2021-ж. эки тараптуумеморандум түзүүгө жетишилгендиги да Институттун өз ишмердигин илгерилетүүсүнө жакшы шарттарды жаратты.

Квалификацияны жогорулатуу институтунун курамы:

№№

Аты-жөнү

Ээлеген кызмат орду

Электтрондук почтасы

Байланыш телефон номери

1.

Аккулов Абдижапар Ураимович

Директор

akkulov.tue@mail.ru

0550106066 0777760067

2.

Аликулова Атыргүл Абдыразаковна

Методист

-

0777830907

 

Фото галерея