Öğrenciler için Öğrenci Ombudsmanı

Студенттик акыйкатчы аппараты

ОшМУнун студенттик акыйкатчысы (омбудсмен) жөнүндөгү жобосу
(жобо 2008-жылдын 27-августунда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №1 жыйынында бекитилген)
Жалпы бөлүк
Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн.
ОшМУнун акыйкатчы аппараты университеттин тарбия департаментинин структуралык бөлүмү болуп эсептелинет.
Акыйкатчы аппаратынын толук аты:
 

• Кыргыз тилинде: Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчы аппараты
• Орус тилинде: Аппарат студенческого Омбудсмена Ошского государственного университета
• Жайгашкан жери - ОшМУнун башкы имараты, Ленин көчөсү - 331

1-берене. Максаты

- ОшМУнун студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу;
- Студенттерди укуктук жактан агартуу;
- Мыйзамды так сактоого жана аткарууга тарбиялоо;
- Университетте укуктук мониторинг жүргүзүү;
- ОшМУда билим берүү процессинин өнүгүүсүнө жардам берүү;
- Сессия мезгилинде паракорлукка каршы күрөшүү, бөгөт коюу ж.б.
ОшМУнун акыйкатчысы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КР Акыйкатчы жөнүндөгү жобосуна, Эл аралык «Адам укугун жана эркиндиктерин коргоо» декларациясына, КР жаштар саясатынын концепциясынын негиздерине, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, ОшМУнун Уставына жана ушул жобого ылайык жүргүзөт.

2-берене. Акыйкатчы кызматына шайлоо
Акыйкатчы кызматынын талапкерлерине коюлуучу талаптар жана аны шайлоо:
1. Акыйкатчы кызматына ОшМУнун 14 жаштан 35 жашка чейинки студенттери, окутуучулары жана аспиранттары шайлана алат.
2. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери, окутуучулары, аспиранттары тарабынан 2 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат.
3. Талапкерлерди каттоо, шайлоо жана үгүт иштери белгиленген мыйзам тартиби боюнча жүргүзүлөт.
4. Шайлоого шайлоочулар студенттик билет же зачеттук китепчени көрсөтүү аркылуу катыша алышат. Шайлоо бюллетень берүү жолу менен өтөт.

3-берене. Акыйкатчы кеңеши

1. ОшМУнун алдыңкы студенттери, университеттин, факультеттин студенттик өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери (жаштар комиттери) ошондой эле кызыккан окутуучулар менен туруктуу мамиледе болуу үчүн ОшМУнун акыйкатчысы зарыл учурларда акыйкатчы кеңешинин алдында жыйын өткөрөт.
2. Кеңешке акыйкатчы, анын орун басары жана аппарат мүчөлөрү, факультеттин студенттик өзүн өзү башкаруу (жаштар комитеттери) органдарынын жетекчилери кирет.
3. Кеңештин иши консультативдик мүнөздө болот.

4-берене. Акыйкатчы аппараты

1. Акыйкатчы ОшМУнун ар бир факультетинде студенттердин арасынан бирден студентти өкүл кылып дайындайт жана өзүнө орун басар белгилейт.
2. Акыйкатчы өкүлдөрүнүн милдеттери:
- Акыйкатчы менен студеттердин мамилесин тартипке салуу жана студенттердин эркиндигинин жана укуктарынын сакталышы жөнүндө акыйкатчыга жана анын орун басарына маалымат берүүгө;
- Студенттердин арыз даттанууларын мыйзам деңгээлинде коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
- Акыйкатчынын жана анын аппаратынын иш-аракеттери жөнүндө факультеттин студенттерине маалымат таратууга;

5-берене. Акыйкатчынын укуктук статусу

1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн КРдин Акыйкатчысы, шаардык жана областтык укук коргоо органдары, ОшМУнун ректору, кызмат адамдары, эл аралык мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бир багытта иш алып бара алат.
2. Өз ара аракеттешүү жыйынтыктуу болушу үчүн акыйкатчы жогорудагы эсептелген субьектер менен, биринчи кезекте университеттин ректору менен кызматташтык жөнүндөгү меморандум түзөт.
3. Акыйкатчы өзүнүн келишиминдеги шарттарды аткарбагандыгы далилденгенде ректордун чечими менен иштен бошотулат.

6-берене. Акыйкатчынын ыйгарым укуктары

Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин жыйындарына катышууга;
2. ОшМУнун жаштар комитеттеринин, факультеттеринин чогулуш жыйындарында болууга;
3. Ректоратка же ректорго билдирүү менен тоскоолдуксуз университеттин имараттарына кирүүгө жана жатаканаларын текшерүүгө;
4. ОшМУнун студенттери, ЖОЖдун иши жөнүндө зарыл маалыматтарды жазуу түрүндө алууга;
5. Эгер студент академиялык жетишпегендиктен окуудан четтетилип жатса, акыйкатчы студенттин билимин кайра текшерүү үчүн ректораттын макулдугу менен альтернативдик комиссия түзүүгө;
6. ОшМУнун студенттерине жатаканадагы орундардын бөлүштүрүүгө катышууга;
7. Кызмат адамдары менен студенттердин эркиндигин жана укуктарынын сакталышын текшерүүгө;
8. Өзүнүн материалдарын, адам укуктарынын жана эркиндигинин идеяларын, өздөрүнүн милдеттеринин ОшМУнун газеталарында пропагандалоого, укуктук бюллетендерди даярдап чыгарууга, ушул эле максат менен радио түйүндөрдү жана телевидениени колдонууга;
9. Мамлекеттик аттестацияга жана кабыл алуу экзамендерине катышууга;
10. Контракт төлөп окуган, жардамга муктаж студенттерге жеңилдик бөлүштүрүү боюнча комиссия ишине катышууга;
11. Акыйкатчы өзүнүн орун басарын, факульттердеги өкүлдөрүн жана башка аппараттын кызматчыларын иштен бошотуу жана дайындоо укугуна ээ.
12. Акыйкатчы өзүнүн мөөнөтүндө өзүнүн укуктарын жана милдеттерин аткара турган орун басарды белгилейт.

7-берене. Акыйкатчынын укуктарынын кыскарышы

1. ОшМУнун акыйкатчысынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда кыскарат:
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- өз каалоосу менен акыйкатчы милдетинен баш тартканда;
- өзүнүн милдетин аткарбаган учурда;
- акыйкатчы аппаратынын кеңешинин 3:2 бөлүгү ишеним көрсөтпөгөндө;
- Соттун чечими менен;

8–берене. Акыйкатчы милдеттүү

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Эл аралык мыйзам актыларына, учурдагы жобого көз салууга;
2. Акыйкатчы иликтөөнүн, текшерүүнүн жыйынтыгын арыз ээсине билдирүүгө;
3. Студенттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам деңгээлинде коргоого, аларга жардам берүү үчүн ректоратка жана жогорку инстанцияларга кайрылууга, жардам берүүгө;
4. Студенттердин укуктарынын бузулушун алдын-алууга аракет жасоого;
5. Студент жаштар арасында укуктук тарбия үчүн дебат, дискуссияларды квартал сайын уюштурууга;
6. «Нур» студенттик гезитинин «Акыйкатчы бурчу» рубрикасына укуктук материалдарды, студенттерди укуктук жактан агартуу боюнча кеп-кеңештерди даярдоого;
7. ОшМУнун кызмат адамдары менен тыгыз байланышта иштөөгө;
8. Студенттерди укуктук маалыматтар менен камсыздоого;
9. Студенттерге керектүү болгон маалыматтарды (информациялык, статистикалык ж.б.) тиешелүү органдардан алып берүүгө;
10. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарды студенттерге жеткирүүгө;
11. Жатаканаларга, ашканаларга жана китепканаларга рейддерди жүргүзүүгө;
12. Кылмыштуулукка, СПИД, наркомания сыяктуу жат көрүнүштөргө каршы реалдуу кадамдарды жасоого;
13. Студенттерге тиешелүү болгон көйгөйлөрдү университеттик деңгээлге чейин көтөрүүгө жана анын чечилишине жардам берүүгө милдеттүү.

9-берене. Арыздарды жана нааразычылыктарды кароонун тартиби

1. Укугу чектелип, тепселенген деп эсептелген студент акыйкатчыга изилдеп жардам берүү суранычы менен арыз жаза алат;
2. Студенттердин эркиндиги жана укугун коргоо максатында изилдөөнүн жыйынтыктарын ректорго жана башка университеттин кызмат адамдарына, студенттерине 25 күндүк мөөнөттүн ичинде билдирет;
3. Акыйкатчы анонимдүү нааразычылыктарды жана ооз эки арыздарды кабыл албайт;
4. Арызды өз укугу бузулган студент же анын тарабындагылар арыз берүүчүнүн макулдугу менен берсе болот. Нааразычылык тарап укугу бузулгандан, адамдык аброю тепселенген учурдан баштап 6 ай ичинде акыйкатчыга кайрыла алат.

10-берене. Акыйкатчынын отчету

1. Жыл сайын акыйкатчы өзүнүн иши жөнүндө ОшМУнун студенттеринин жыйынында отчет берет.
2. Отчетто акыйкатчы студенттердин эркиндиги жана укугу бузулган фактыларды эсептеп, аларга кандай чара көрүлгөндүгү жана жардам берилгендиги тууралуу маалымат берет.
3. Зарылчылыкка байланыштуу акыйкатчы өзүнүн атайын отчету менен студенттердин жыйынында, Окумуштуулар Кеңешинде чыга алат.

11-берене. Акыйкатчынын ОшМУнун кызмат адамдары менен кызматташышы

1. Акыйкатчы жана анын орун басары өзүнүн иликтөөлөрү, текшерүүлөрү боюнча ОшМУнун кызмат адамдары менен тезинен байланыша алат;
2. Акыйкатчы, анын орун басары факультеттерге, жатаканаларга, китепканага, ашканага, компьютердик класстарга кирип, зарыл болгон маалыматтар менен тааныша алат;
3. Керектүү кызматкерлер менен маектешет жана зарыл документтерди изилдей алат;
4. Студенттердин укугун бузган, тепселеген кызмат адамдарын акыйкатчы ректорго, Окумуштуулар Кеңешине жана тиешелүү органдарга билдире алат.

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын курамы:

Фамилиясы, аты

кызматы

факультети

Телефон номери

1

Абдырахманов Адилет Талантбекович

ОшМУнун С.А.Анын жетекчиси,- профкомдун студ.иштер боюнча орун басары

Медицина факультети

0776 98 09 10

2

Аскарбеков Нурислан Аскарбекович

С.А.Анын жетекчисинин орун басары

Физика-техника факультети

0700 06 85 78

3

Абдиашим к Жумаида

С.А.Анын катчысы

Дуйнелук тилдер жана маданият факультети

0704 81 46 66

4

Жумабаев Бекжан Дооронович

С.А.,-студ.профбюро

төрагасы

Чыгыш таану жана тарых

0777 72 74 03

5

Кубанычбек у Тынчтыкбек

С. А. ,-студ. профбюро төрагасы

МИТ

0557 10 23 17

6

Ибраимов Адилет Рахманалиевич

С.А.,-студ.профбюро

төрагасы

Юридика факультети

0777 54 54 14

7

Шайбек к Сайкал

С.А.,-студ.профбюро

төрайымы

Эл аралык мамилелер

0774 92 04 35

8

Асан к Шахризада

С. А.,-студ. профбюро төрайымы

Орус филологиясы факультети

0771 50 72 46

9

Дурусбек к Бегайым

С. А.,-студ. профбюро төрайымы

Дуйнелук тилдер жана маданият факультети

0779 87 86 42

10

Шарап к Айдана

С. А.,-студ. профбюро төрайымы

Кыргыз-Европа факультети

0703 94 81 12

11

Кубанычбек у Рустам

С. А.,-студ. профбюро төрагасы

Теология факультети

0707 09 84 41

12

Зайнабидин к Гулнур

С.А.,-студ.профбюро

төрайымы

Искусство факультети

0709 78 84 84

13

Иматалиева Акмоор Жолдошалиевна

С. А.,-студ. профбюро төрайымы

Педагогика,психология жана дене тарбия факультети

0771 26 71 07

14

Маматов Рустамбек Жанибекович

С. А.,-студ. профбюро төрагасы

Медицина факультети

0222 25 18 01

15

Абдимиталип к Айдана

С.А.,-студ.профбюро

терайымы

ИПК

0772 86 11 35

16

Нурбаев Түгөлбай Жаныбекович

С.А.,-студ.профбюро

төрагасы

Медицина колледжи

0221 21 96 96

17

Абдимиталип у Насипбек

С.А.,-студ.профбюро

төрагасы

Бизнес жана менеджмент

0774 31 06 07

18

Байыш к Назира

С. А.,-студ. профбюро төрайымы

ФЮК

0776 44 54 27

19

Мамтиса к Гулиза

С.А.,-студ.профбюро

терайымы

Табият таануу жана география

0777 18 76 88

20

Амирбеков Женишбек Мансурович

С. А.,-студ. профбюро төрагасы

Кыргыз-Турк факультети

0774 28 22 10

21

Темирбек к Наргиза

С. А.,-студ. профбюро төрайымы

Физика-техника факультети

0755 19 41 93

22

Абиев Кадырбек

С. А.,-студ. профбюро төрагасы

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

0778 40 98 66

Фото галерея