Адрес | Ош шаары Борубай уулу Асылкан көчөсү |
Телефон | 03222 7-29-12, 7-08-51 |
Факс | |
Веб-сайт | |
masteroshsu@mail.ru |
Ош мамлекеттик университети - адамзаттын руханий баалуулуктарын сактоо жана байытуу боюнча тарыхый миссиясын татыктуу аткарууда окуу процессин интеграциялоонун, фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ыкмалардын негизинде коомдун интеллектуалдык элитасын даярдоону камсыз кылуучу алдыңкы билимди жана маалыматты алууга жана таркатууга багыт алган изилдөөчү типтеги классикалык университет. ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин курамына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы алдыңкы университеттердин катарына кирди. 1998-жылдан тартып ОшМУ менен Анкара университети ортосундагы келишимдин негизинде “Теология” багыты боюнча магистрлерди даярдоо ишке ашырыла баштаган. Чет өлкөдөгү ар түрдүү магистрдик программалар боюнча магистрлерди даярдоо тажрыйбасын талдоонун натыйжасында 2008-жылы ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин базасында “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча магистрдик программалар ачылган.
Учурда университетте 50 багыт боюнча магистрдик программалар бар жана бул тизме жылдан жылга өсүүдө. Учурда Магистратура жана PhD докторантура департаментин техника илимдеринин доктору, профессор Кенжаев Идирисбек Гуламович жетектеп келет.
Магистратурада билим алуунун максаты - магистратурада окутуу европалык билим берүү моделинин негизинде адистик компетенттүүлүктү өстүрүүгө багытталгандыктан, эки жылдык программадан өткөн магистрант - тиешелүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларга ээ болуусу.
Департаменттин милдети магистранттарды илимге тартуу аркылуу, аларды фундаменталдык, колдонмо багыттарындагы илимий изилдөөлөрүнөн алынган материалдары, натыйжалары тураалуу ой бөлүштүртүү, илимий талкууга катыштыруу, өз ойун бөлүшүүгө, көз карашын эркин айтууга жана коргоого үйрөтүү менен тиешелүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларын калыптандыруу, жаш окумуштууларга илимий иштерди аткарууда чет элдик гранттар менен иштөө, долбоор түзүү (fund rising) багытында иш алып баруу;
Магистрлердин профессионалдык иш-аракети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
•уюштуруучулук-башкаруучулук;
•аналитикалык;
•проекттик-экономикалык;
•илимий-изилдөөчүлүк.
Департаменттин кызматкерлери:
Кызматы |
Аты-жөнү |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Директор |
Кенжаев Идирисбек Гуламович |
03222 5-08-51 |
ikenzhaev@oshsu.kg |
Улук инспектор |
Асанова Зарипа Асановна |
03222 7-29-12 |
zasanova@oshsu.kg |
Улук инспектор |
Файзуллаева Гулида Акунбековна |
03222 7-29-12 |
gfaizullaeva@oshsu.kg |